Экономика жана башкаруу факультетинин Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын жалпы жамааты жана бул багытта билим алып жаткан студенттер Ош шаардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборуна барып, андагы дарыланып жаткан балдарга белек таратышып, концерттик программа менен аларга жагымдуу маанай тартуулашты.
Ош шаарындагы бул ден соолукту калыбына келтирүү борборуна шаардагы бардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар келип дарыланып кетишет. Бул сыяктуу иш чараларды Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын жалпы жамааты студенттери менен биргеликте ар дайым өткөрүп келишет.
Ал эми кайрымдуулук иштин негизги максаты, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды башка ден соолугу чың адамдардай жашоого укуктуу экендигин сездирүү, адамдарды бири-бирине кайрымдуу болууга үндөө болуп саналат.