Ош технологиялык университетине Ташкент маалымат-технологиялык институтунун Фергана филиалынын өкүлдөрү атайын иш-сапар менен келип кетишти. Аталган институттун Фергана филиалынын илимий иштер боюнча проректору доцент, Полвонов Бахтиер Зайлобидинович баштаган топ биздин университеттин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, эки окуу жайдын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү, конок лекцияларды онлайн жана офлайн өткөрүү, илимий иштер боюнча конференцияларды уюштуруу, эл аралык илимий долбоорлорду аткаруу жана биргелешип диссертациялык кеңешти түзүү боюнча маселелер козголду. Мындан ары эки окуу жайдын ортосунда ар тараптуу кызматташуу үчүн келишимдерди түзүү демилгеленди.
Биздин окуу жай көп убакыттан бери алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен билим берүү жана илим багытында ар дайым кызматташып, кадр даярдоонун эл аралык стандартында келишимдер түзүлүп, бирдиктүү иш чаралар уюштурулуп келет.