Ош технологиялык университетинин ректору, доцент Ж. Ж. Турсунбаев Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Окуу жай жетекчиси менен студенттердин жолугушуусу жыл сайын жылына эки жолу өткөрүлүп, кышкы жана жазгы семестрдин башталышында жолугушат.
Бул жолугушуунун максаты жетекчи менен ар бир студенттин жеке байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, жаштарды университетте билим алууларына татыктуу шарттарды түзүү жана аларды келечекке коомдо өз ордун татыктуу табууга шыктандыруу болуп саналат. Бул иш чарада студенттер ректорго өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, окуу, контракт, предмет жана семестр тууралуу маселелер талкууланды.
Ректор Ж. Ж. Турсунбаев өз сөзүндө биздин университетте билим алып жатышкан студенттер үчүн мүмкүн болушунча мыкты шарттар түзүлөөрүн, алардын бир гана окуу менен чектелбестен ар тараптуу өнүгүүсүнө өзү жана университет жамааты аракет кылаарын билдирди.