Табигый-техникалык факультетинин Кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана бул багытта билим алып жатышкан студенттер тарабынан студенттердин арасында диспут өткөрүлдү. Бул талкууга Табигый-техникалык факультетинин жалпы жамааты жана окуу жайдын бардык факультеттеринен каалоочу студенттер катышышты. Мында бүгүнкү күндөгү бүткүл дүйнөнү туташтырып турган интернет системасынын адамзат жашоосуна тийгизген оң жана терс таасирлери тууралуу маселелер козголуп, аларды пайдалануу жолдору талкууланды.
Маалыматтык технологиянын өнүгүүсүндөгү биздин өлкөнүн жашоосу, биздин жаштардын келечекке тарбиялануусу, кыргыз коомунун келечеги учурда башка өлкөлөрдөй эле дал ушул интернетке түздөн-түз байланыштуу болуп калгандыгы тууралуу маалыматтар бүгүнкү талкууда кеңири сөз болду.
Ал эми бүгүнкү иш чаранын негизги максаты жаштарды келечекке туура тарбиялоо, өнүккөн кыргыз коомун түзүүгө аларды үндөө болуп саналат.