Ош технологиялык университетине ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жаткан кайрымдуулук иш чарасынын алкагында Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатынын тарбиялануучулары келип өздөрүнүн концерттик программасын тартуулашты. Майыптыгы бар балдар үчүн уюштурулган мектеп-интернатынын окуучулары сахнада ырдап, бийлеп ырларды айтышып келген конокторду кайдыгер калтырышкан жок.
Аталган иш чаранын негизги максаты коомубуздагы майыптыгы бар адамдарды колдоо, аларга келечекте, коомдо ордун табууга көмөктөшүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени менен кадимки адамдардай жашоо кечирүүлөрүнө түрткү берүү болуп саналат.
Университеттин бардык факультеттеринин жамааты, жетекчилик, кызматкерлер жана студенттери бул концерттик программаны көрүүгө катышып, акчалай жардам чогултушту. Чогулган акча каражат бүгүнкү бизге келишкен майыптыгы бар балдардын мектеп-интернатынын банктык эсебине которулат.