Ош технологиялык университетинин Америка маалымат-ресурстук борборунда англис тилин үйрөнүп жаткан студенттердин ортосунда “Кел, англис тилинде сүйлөшөбүз!” деп аталган конкурс өткөрүлдү. Мында англис тилинде сөздөрдүн которулушу, макал-лакаптарды англис тилинде айтышуу, улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларын англис тилинде аткаруу жана англис тилдүү өлкөлөр жөнүндө берилген суроолорго жооп берүү сыяктуу конкурстун шарттары аткарылды. Конкурска Америка маалымат-ресурстук борборунда англис тилин үйрөнүп жаткан студенттер катышышты. Бул иш чаранын негизги максаты студенттердин англис тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүү, тилди өздөштүрүү менен дүйнө мамлекеттердин тарыхын, маданиятын билүү жана студенттердин теориялык алган билимдерин практикада колдонуусуна шарт түзүү болуп эсептелет. Сынактын бардык шарттары катышуучулар тарабынан аткарылган соң жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды.
Америка маалымат-ресурстук борбору Ош технологиялык университетинде көп жылдардан бери англис тилин үйрөнүүчүлөргө англис тилин үйрөтүүдө, билим берүү жана илим багытында бир топ долбоорлорду ишке ашырып келет. Бул борбордун кызматынан каалоочулардын бардыгы пайдалана алышат.