Ош технологиялык университетинде жыл сайын салтка айланган биринчи курстар аралык спартакиада жыйынтыкталды. Бул спорттук иш чара эки жумага созулуп, спорттун улуттук жана классикалык түрлөрүнөн ар бир факультеттин командалары күч сынашышты. Жыл сайын өткөрүлүүчү факультеттер аралык спорттук мелдештин негизги максаты жаштарды дени-сак жашоого үндөө, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө, жана университеттин курама командасына мыкты спортчуларды тандап алуу болуп эсептелет.
Синхрон – Санжар
Мелдештин жүрүшүнө университеттин Дене тарбия кафедрасынын жалпы жамааты калыстык кылышты. Жыйынтыгында, биринчи орунду Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин командасы, экинчи орунду Гуманитардык-технологиялык колледждин командасы, ал эми үчүнчү орунду Автоунаа факультетинин командасы камсыз кылышты. Жеңүүчү командаларга университет жетекчилиги тарабынан дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.
Синхрон – студент
Спорт – ар кандай дене тарбиялык көнүгүүлөр боюнча окуу-машыгууну жана мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү системасы. Спорттук мелдештерге жана машыгууларга катышуу ден соолукту чыңдоо, бош убакытты максаттуу пайдалануунун эң мыкты шарттарынын бири, чечкиндүүлүк, туруктуулук, тартиптүүлүк, коллективди сүйүү, жеңишке умтула билүү жана башкалар баалуу сапаттарды өнүктүрөт.