Ош технологиялык университетинин университетинин “Айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы” кафедрасынын окутуучулары жана бул багытта билим алып жатышкан студенттер Фергана политехникалык институтуна жана Наманган политехникалык институтуна иш сапар менен барып келишти. Биздин университет менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча эки тараптуу иш чаралар уюштурулуп келет.
Эл аралык билим берүү мейкиндигине чыгуудагы негизги талаптардын бири белгилүү адистикке ээ болгон жараандан өз өлкөсүнөн сырткары да́гы адистиги менен эмгек жолдорун улантууга мүмкүнчүлүк алышат.
Биздин окуу жай дагы алыскы жана коңшулаш мамлекеттер менен Эл аралык билим берүүдө биргелешип кадр даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында көптөгөн илимий, практикалык иш чараларды өткөрүп келет.