ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин “Кийимдердин технологиясы жана дизайны” кафедрасынын жамааты тарабынан Ош шаарынын жана Кара-суу районунун мектептеринде технология сабагын окуткан мугалимдер үчүн мастер-класс өткөрүлдү. Бул иш чарага 50 мектептен мугалим жана 10-, 11-класстын окуучулары катышты. Мында орто мектептеги эмгекке үйрөтүү, же технология сабагын окуткан мугалимдер окуучуларга сабак өтүүдө практика жүзүндө көбүрөөк үйрөтүлүүчү ыкмалар менен таанышышты.
Доор алмашып, коом өнүккөн сайын адамдардын айлана-чөйрөгө, кийимге жана башка көрүнүштөргө болгон көз караштары да өзгөрүп тургандыктан, жаштарды учур талабына ылайык тарбиялоо, аларга сырткы дүйнө менен ички дүйнөнү айкалыштырып түшүнүүгө багыттоо максатка ылайык болуп саналат. Андыктан, ата-эне, мектеп жана жогорку окуу жайы тарбия менен билим берүүдө биргелешип аракет кылуулары зарыл.
Иш чарага катышкан мугалимдер жана окуучулар бүгүнкү уюштурулган мастер-класс алар үчүн пайдалуу болгондугун белгилешип, кафедранын жамаатына ыраазычылык билдиришти.