Ош технологиялык университетинде ноябрь айынын акыркы жума күнү Экономика жана башкаруу факультетинин күнү деп белгиленген. Бул күндүн урматына арналган майрамдык салтанат өткөрүлүп, бул иш чарага факультеттин жалпы жамааты, андагы багыттар боюнча билим алып жатышкан студенттер жана сырттан чакырылган коноктор катышышты.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө факультеттин жетекчилиги тарабынан куттуктоолор айтылып, окууда жана факультеттин коомдук турмушунда мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттерге ардак грамоталар менен белектер тапшырылды. Буга чейин Экономика жана башкаруу факультетин бүтүрүп, учурда өндүрүштө эмгектенип жатышкан бүтүрүүчүлөр дагы катышып, бүгүнкү күндөгү экономист адистеринин орду, өндүрүштөгү аткарган кызматтары тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Мындан сырткары, факультетке келген биринчи курстарын кабыл алуу жөрөлгөсү болуп, аларга билимдин символу болгон ачкыч жана зачеттук китепченин үлгүсү тапшырылды.
Экономика жана башкаруу факультети Кыргызстандын түштүк аймагында биринчилерден болуп экономисттерди даярдай баштаган. Отуз жылдан ашуун убакыттан бери биздин өлкөбүздүн өндүрүшүнө жана эл чарбасына миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдап берди.
Учурда биздин бүтүрүүчүлөр өз адистиктери менен мамлекетибиздин аймагынан тышкары алыскы жана коңшулаш өлкөлөрдө үзүрлүү эмгектенип жатышат.