Өзбекстандын Навои тоо-кен иштери жана технологиялык университетинин белгилүү илимпоз-педагогдору тарабынан ОшТУнун Энергетика факультетинин жана гуманитардык-технологиялык колледждин энергетика багытында билим алып жатышкан студенттери үчүн онлайн лекция окуу башталды. Биздин окуу жай менен Навои университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык эки тараптын илимпоз-педагогдору студенттерге энергетика багытына байланышкан бардык адистик сабактардан онлайн жана офлайн сабактарды өтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Азырынча лекциялар онлайн түрүндө окутулуп жатат. Ал эми кийинчерээк эки университеттин илимпоз-педагогдору окуу жайларга барып сабактарды өтүшмөкчү.
Ош ТУда өнөктөштөр менен билим берүү программалары талкууланды
Ош технологиялык университетинде Информатика жана эсептөө техникасы билим берүү программасынын уюштуруусу менен иш берүүчүлөр жана өнөктөштөр менен кызматташуу алкагында тегерек...











