Өзбекстандын Навои тоо-кен иштери жана технологиялык университетинин белгилүү илимпоз-педагогдору тарабынан ОшТУнун Энергетика факультетинин жана гуманитардык-технологиялык колледждин энергетика багытында билим алып жатышкан студенттери үчүн онлайн лекция окуу башталды. Биздин окуу жай менен Навои университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык эки тараптын илимпоз-педагогдору студенттерге энергетика багытына байланышкан бардык адистик сабактардан онлайн жана офлайн сабактарды өтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Азырынча лекциялар онлайн түрүндө окутулуп жатат. Ал эми кийинчерээк эки университеттин илимпоз-педагогдору окуу жайларга барып сабактарды өтүшмөкчү.
ОшТУнун студенттери чет өлкөдө практика өтүүдө
Ош технологиялык университетинин Химия жана химиялык технология кафедрасынын ХТНГс-1-2-22 тайпасынын студенттери Fergana Oil Refinery базасында диплом алдындагы практикадан өтүп жатышат....











