Бишкек шаарында программисттер арасында өткөрүлгөн сынакта Ош шаарынан барган студенттер командасы жеңишке жетишти. “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик коом” долбоорунун алкагында “Мейкатон 2022” деп аталган сынакка Ош шаарындагы жогорку окуу жайларындагы программалоо багытында билим алып жатышкан студенттерден куралган топ катышты. Студенттик топту ОшМУнун Математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин окутуучулары жетектеп барышты.
Биздин окуу жайдан Кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетинин ИКТиСС-1-20 тайпасынын студенти Азаматов Арген команданын арасында болуп, алар менен биргеликте конкурстун шартына ылайык балдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана ыңгайлаштырууга ылайыкташкан программа жасап чыгышты. Аталган конкурста өлкөбүздүн бардык аймактарынан барган тогуз команда ат салышышты. Ал эми сынактын жыйынтыгында, Ош шаарынан барган команда биринчи орунду багындырып, акчалай сыйлыкка ээ болушту.