Ош технологиялык университетинде Эл аралык билим берүү департаментинин Кытай борборунда билим алып жатышкан студенттер жана мектеп окуучуларынын катышуусунда “Кытай иероглифтери” деп аталган сынак өткөрүлдү. Бул иш чаранын негизги максаты чет тилин үйрөнүүнү каалаган жаштарга тилди өздөштүрүүдө мыкты шарттарды тузүү жана аларды келечекте өз элинин патриоту болууга шыктандыруу болуп саналат.
Сынактын шартына ылайык кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштар кытай тилинде көрүнүштөрдү чагылдырышты. Конкурска Ош технологиялык университетинин ректору Ж. Ж. Турсунбаев, Ош шаарындагы Конфуций институтунун директору Ван Чже мырза, студенттер жана башка окуу жайдан чакырылган өкүлдөр катышты. Сынактын жыйынтыгында ОшТУнун студенттери жеңишке жетип, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды