Ош шаарындагы Конфуций институтунун Кытай тарабынан директору Ван Чже мырза Ош технологиялык университетине келди. Университеттин ректору, доцент Ж. Ж. Турсунбаев менен жолугушуп эки тараптуу кызматташуулар тууралуу сүйлөшүлдү. Ван Чже мырзанын билдирүүсүнө караганда Конфуций институту Кытай Эл Республикасынын бир канча жогорку окуу жайлары менен келишим түзүп, биздин жараандардын ал жакта билим алууларына шарт түзүлмөкчү.
Кытай мамлекетинен билим алуусу үчүн ар бир каалоочу биринчи кезекте тил үйрөнүүсү керек. Бул үчүн Конфуций институтунда мыкты шарттар каралган. Биздин университет техникалык жана технологиялык багыттагы адистерди даярдагандыктан биздин студенттер академиялык мобилдүүлүк боюнча Кытай мамлекетинен өздөрүнүн багыттары боюнча билимдерин улантууга мүмкүнчүлүк алышат.
Тажрыйба алмашуу максатында магистранттар, докторанттар жана жалпы эле профессордук-окутуучулук курам үчүн дагы бир нече долбоорлор иштелип чыккан. Бул долбоорлорго ылайык мындан ары биздин окуу жай менен Кытай мамлекетинин жогорку окуу жайларынын ортосунда билим берүү максатындагы бир топ иштер аткарылмакчы.