17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата Өзбекстан Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоциациясынын төрагасынын орун басары, жаштар ассоциациясынын биринчи катчысы жана жаштар ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Ош технологиялык университетинин жетекчилиги, Жаштар комитетинин өкүлдөрү жана чет элдик студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун негизги максаты, коңшу Өзбекстан мамлекетинен келип окуп жатышкан студенттердин арасында болуп жаткан ар кандай маселелерди талкуулап, алардын биздин жерде билим алуусуна талапка ылайык шарттарды түзүү жана эки мамлекеттин ортосундагы байланышты чыңдап, эл аралык билим берүүдө биргелешип аракет кылуу болуп саналат.
Мындан сырткары, Өзбекстандан келген делегаттар Ош шаарындагы чет элдик студенттерге коюлган мүмкүнчүлүктөр, алар туш болуп жаткан ар кандай көйгөйлүү маселелер, аларды эки тараптуу биргелешип чечүү, жаштарга байланышкан ар кандай иш чараларды биргелешип уюштуруу керектигин билдиришти.
Өз кезегинде биздин университетте билим алып жатышкан Өзбекстандык студенттер бул жердеги билим берүү шарттары, окуу процесси, жашоо жагдайлары тууралуу маалыматтарды беришти.