Ош технологиялык унверситетинде Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин Лнгвистика, Компьютердик лингвистика багытында билим алып жатышкан 1-курстар үчүн “Тушоо кесүү” аземи өткөрүлдү. Салтка айланган майрамдык салтанат бул жылы дагы биринчи курстардын факультетке кабыл алынышын куттуктоо менен башталып, жаштарга арналган жагымдуу ыр-бий менен коштолду. Майрамдык жыйынга университет жетекчилиги, факультеттин жалпы жамааты жана студенттер катышты. Биринчи курстарды кабыл алуу аземи жаңыдан окуу жайдын босогосун аттап, чоң турмушка карай сапар алып бара жаткан жаштарга студенттик жылдар, университет, адистик, кесип жана башка аларга тиешелүү болгон бардык маалыматтарды берип, аларга келечекке багыт берүү максатында жыл сайын уюштурулуп келет.
Компьютердик лингвистика кафедрасы Кыргызстандын түштүк аймагында техникалык котормочу, лингвисттерди даярдоочу бирден-бир кафедра болуп эсептелет жана аталган багыт боюнча адистер университетте көп жылдардан бери даярдалып келет. Бүгүнкү күнгө чейин биздин өлкөнүн өндүрүшүнө жана эл чарбасына миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдап берди. Биздин бүтүрүүчүлөр учурда өлкөбүздүн аймагынан тышкары алыскы жана жакынкы коңшулаш мамлекеттерде үзүрлүү эмгектенип жатышат.