Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар — Илим күнү менен куттуктаймын!
Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин орду чоң. Илимди жаңы деңгээлге көтөрүү менен экономикабызды жана социалдык чөйрөбүздү технологиялык жактан жаңылоону максат кылып, санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну көздөйбүз.
Мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн жүргүзүп жаткан илимий-изилдөө ишиңиздердин ийгиликтүү болушун каалаймын!
Сиздерге терең ыраазычылык билдирүү менен баардыгыңыздарга бакыт-таалай, чың ден-соолук, бакубаттуулук, жаңы илимий ачылыштарды каалаймын! Ишиңиздерди дайыма ийгилик коштоп жүрсүн!
Сиздерди терең урматтоо менен,
ОшТУнун ректору техника илимдеринин кандидаты, доцент Турсунбаев Жанболот Жанышович.