Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, Орхус экологиялык маалымат борбору жана Кыргыз-Өзбек университети менен биргеликте Ош шаарындагы жайгашкан жогорку окуу жайлардын студенттеринин ортосунда дебат турнири өткөрүлдү. Бул иш чара “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын алкагында уюштурулуп, дебатка ОшМУнун, ОшТУнун, КӨУнун, ОшМПУнун студенттери катышышты. Дебат “КР Тоо экосистемасын коргоо, экологиялык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү” деп аталып, жаштарды табият менен татуу мамиледе болууга, жаратылышты коргоого чакыруу максатында өткөрүлдү. Сынакта жаратылышка байланышкан ар кандай темадагы суроолор берилип, катышуучулар тарабынан жооптор алынды. Жыйынтыгында, биринчи орунга ОшТУнун студенттери, экинчи орунга ОшМУнун студенттери, үчүнчү орунга КӨУнун жана ОшМПУнун студенттери ээ болушту. Биздин окуу жайдын ректору Ж. Ж. Турсунбаев жеңишке жеткен студенттерди кабыл алып, жеке өзүнүн жана жалпы жамааттын атынан куттуктап, окууларына ийгилик каалады.
ОшТУнун окумуштуулар делегациясы Австриянын Montanuniversität Leoben университетинде иш сапарда болду
Eurasia-Pacific Uninet (EPU) тарабынан каржыланган “Жогорку кесиптик билим берүүдө туруктуу өнүгүү максаттарынын ишке ашырылышын изилдөөнүн заманбап ыкмалары” аттуу долбоордун алкагында...











