Ош технологиялык университети менен Навои тоо кен иштери жана технологиялар мамлекеттик университетинин онлайн жолугушуусу өттү.
Жолугушууга ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев, сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор А.Т.Акматалиев, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ш.Нармырзаева жана Навои тоо кен иштери жана технологиялар мамлекеттик университетинин эл аралык кызматташтык боюнча проректору Ш.Ш.Аликулов, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Р.А.Хамидов катышты.
ОшТУ менен Навои университети мындан ары электроэнергетика, машина куруу, электротехника, электромеханика, электротехнология, геология, технология тармагында илимий-изилдөө иштери боюнча кызматташууларын, студенттердин академиялык мобилдүүлүктөрүн улантат, илимпоз окутуучулардын онлайн, офлайн режиминде окуу лекцияларын уюштурушат, өндүрүштүк жана окуу практикаларын биргеликте өткөрүшөт.
Иш чара ОшТУнун демилгеси менен уюштурулду.