ОшТУга Фергана политехникалык институтунун делегациясы окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен келишти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү, достук фестивалын, спорттук жана маданий иш чараларды биргелешип өткөрүү боюнча маселелер талкууланды. Ферганадан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Делегациянын курамын ОшТУнун ректору, доцент Ж. Ж. Турсунбаев жеке кабыл алып, аларга биздин окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди. Коңшу мамлекеттен келген делегациянын курамында биздин университет даярдап жаткан бардык багыттар боюнча өкүлдөр болушуп, алар ар бир багыттын өзүнө тиешелүү болгон факультеттин декандары менен жолугушту. Жолугушууларда мындан ары эки тараптуу байланышты күчөтүп, эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо биргелешип кызматташуу тууралуу кеңири сөз болду. Ош технологиялык университети менен Фергана политехникалык институту буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген.