Ош технологиялык университетинин архитектура жана курулуш факультетинде билим алып жатышкан студенттери менен шаардагы “Аманат Сити” курулуш компаниясынын өкүлдөрү келип жолугушуу өткөрүштү.
Биздин университет алтымыш жылдан бери курулуш багытындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет. Учурда курулуш багыты өнүгүп жаткандыгына байланыштуу заман талабына ылайык курулуштарды куруу милдети жогору. Ошондуктан аталган курулуш компаниясынын өкүлдөрү биздин университет менен тыгыз байланышып, университеттин архитектура жана курулуш факультетинде эмгектенип жаткан жалпы жамааттын жана студенттердин кызматынан пайдалануу келишимин түзүшмөкчү.
Компаниянын өкүлдөрү биздин студенттерге кызмат сунуштап, келечекте окууну бүтүргөндөн кийин дагы ошол жерде даяр кадр катары эмгектене берээри тууралуу билдиришти. Алар өздөрүнүн компаниясынан биздин студенттерге болгон талаптарын билдиришти, ошондой эле мындан ары да көптөгөн долбоорлордо биргелешип аракет кылууларын сунушташты.
Өз кезегинде факультет жетекчилиги келген конокторго ыраазычылык билдирип, университеттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.