Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Жогорку окуу жайларына кабыл алуу бир жылда эки жолу жүргүзүлөт. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, жалпы республикалык кышкы тестирлөө 2022-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин өткөрүлөт.
Жалпы республикалык тестирлөөгө (кышкы кабыл алуу үчүн) жашаган жери боюнча каттоо 17-октябрдан 27-октябрга чейин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде жүргүзүлөт.
Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.
Жалпы республикалык кышкы тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырып, босого баллдан өткөн абитуриенттерди Ош технологиялык университетине чакырабыз. Техникалык жана технологиялык багытты тандап, келечекте мыкты адис болууну каалагандар үчүн эшигибиз ар дайым ачык!