2022-жылдын 18-октябрында ОшТУ жана Урал мамлекеттик экономикалык университетинин онлайн жолугушуусу өттү.
Жолугушууда келишимдин негизинде кош диплом багыты боюнча талкуланып жана ишке ашыруу үчүн мыйзам чегинде жоболорун иштеп чыгуу каралды. Эки тараптуу онлайн жолугушууга Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А.Т.Акматалиев, экономика жана башкаруу факультетинин деканы А.Ж.Артыков, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Г.А.Нармирзаева жана Урал мамлекеттик экономикалык университетинин өкүлдөрү: М.Н.Вилачева, Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы О.А. Баженова жана башкармалыктын адиси А.В.Альбрехт катышышты.
Иш чаранын негизги максаты болуп ар тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана кош диплом берүүгө жетишүү болуп саналат.