Ош шаардык мэриясы, Ош технологиялык университети жана “Кыргыз-Кытай инвестициялык жалпы палата ассоциациясы” бирикмеси Кытай Эл Республикасынын Шицзячжуан шаарынын тышкы иштер жана билим берүү багытындагы адистери ортосунда онлайн конференция өткөрүлдү. Бул жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда билим берүү багыты боюнча байланышты чыңдоо максатындагы бир топ сунуштар айтылып, талкуу жүрдү.
Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгы тарабынан эки тараптын байланышуусунда көмөк көрсөтөөрүн билдирди. Бул иш чаранын жүрүшү менен кесиптик билим берүү жаатында “Кыргызская мастерская Лу бань” долбоорунун алкагында Ош технологиялык университети менен Шицзячжуан шаарындагы Чжунхе Южень окуу жайы менен кызматташтык тууралуу келишимдерге кол коюлду.