Ош шаарында өтөкөрүлүп жаткан “Креативдүү технологиялардын кербени” эл аралык фестивалы жыйынтыкталды. Бул иш чарага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Армения жана Өзбекстандан катышуучулар келип, өздөрүнүн жасаган эмгектери менен катышты. Фестивалдын негизги максаты педагогикалык коомчулуктун, билим берүү тармактарынын, жаш студенттердин көңүлүн окуу процессинде, практикада креавтивдүү технологияларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө буруу болуп эсептелет.
Ош технологиялык университетинде алты багыт боюнча Кыргызстандын бардык областтарынан жана башка мамлекеттерден келген катышуучулар өздөрүнүн ойлоп табуучулук иштерин коомчулукка чыгарышып, бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу деп эсетелген маселелерге арналган эмгектерин көрсөтүштү. Жыйынтыкталып жаткан эл аралык иш чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович атайын иш сапар менен келип катышты. Өз сөзүндө министр бүгүнкү жаш ойлоп табуучулардын келечекте биздин өлкө үчүн өнүккөн коомду курууга багыт алып бараткандыгын белгиледи. Биздин окуу жайдын жалпы жамааты менен жолугушуу өткөрүп, мамлекетибиздин билим берүүсүн өнүктүрүүгө биргелешип аракет кылууга чакырды.
Төрт күнгө созулган иш чаранын жыйынтыгында мыкты деп табылган ойлоп табуулардын ээлерине уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана грамоталар тапшырылды.
Жаш ойлоп табуучулардын эмгектери келечекте коомдун өнүгүсүүнө таасир тийгизе алары көпчүлүк учурда байкалууда. Ошондуктан, бүгүнкү муунду ар тараптуу колдоо аркылуу биздин мамлекеттин келечегин көрө алабыз.