Бүгүн, 11-октябрь – Эл аралык кыздар күнү. Бул күндүн урматына арналган иш чара биздин университетте Аялдар кеңешинин жана Жаштар комитетинин демилгеси менен уюштурулду. Жолугушууга Ош шаардык Кеңешинин депутаты, тележурналист, “Асылзат” коомунун президенти Нуркыз Кадырбекова катышты. Бул жолугушууда биринчи кезекте кыргыз элиндеги кыздардын, дегеле аялзатынын орду тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү. Кыргыздар эч качан кызды басмырлап төмөн койгон эмес, ар дайым кыздын орду үйдө, төркүндө бийик деп саналып, аяр мамиле жасалып келген. Биздин элде сакталган баалуулуктар азыркы ааламдашуу алкагындагы коомчулук үчүн канчалык деңгээлде өзгөрүлгөндүгү тууралуу дагы көптөгөн ойлор айтылды. Азыркы күндөрдө кыздарга болгон мамиле, алардын ар кандай турмуштук жагдайлардан улам туш болуп жаткан көйгөйлөрү, аларды болтурбоо үчүн көрүлгөн иш чаралар, кыздарга үй-бүлөөдөгү мамиле, тарбия жана башка көптөгөн маселелер талкууланды.
Бул майрам 2012-жылы Бириккен Улуттар уюму тарабынан негизделген. Анын негизги максаты – кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп саналат. Кыздардын билим алуусун, толук кандуу тамактануусун, медициналык тейлөөнү, коомдук укуктарын жана басынтуу, күч колдонуу, өзүнүн ыктыярсыз турмушка узатуу жана башка маселелердин алдын алууга багытталат.