Ош шаарында бүгүн “Креативдүү технологиялардын кербени” эл аралык фестивалы башталды. Бул иш чарага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Армения жана Өзбекстандан катышуучулар келип, өздөрүнүн жасаган эмгектери менен катышып жатышат. Фестивалдын негизги максаты педагогикалык коомчулуктун, билим берүү тармактарынын, жаш студенттердин көңүлүн окуу процессинде, практикада креавтивдүү технологияларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө буруу болуп эсептелет.
Ачылыш аземи С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өткөрүлүп, анда мугалимдер үчүн талкуулар, мастер-класстар уюштурулду.
Мындан сырткары, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмө, улуттук тамак-аш жарманкеси коноктордун назарына коюлду. Фестиваль КР Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте уюштурулду. Ош технологиялык университетинде уланып, алты багыт боюнча Кыргызстандын бардык областтарынан жана башка мамлекеттерден келген катышуучулар өздөрүнүн ойлоп табуучулук иштерин коомчулукка чыгарышып, бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу деп эсептелген маселелерге арналган эмгектерин көрсөтүп жатышат. Жаш ойлоп табуучулардын эмгектери келечекте коомдун өнүгүсүүнө таасир тийгизе алары көпчүлүк учурда байкалууда. Ошондуктан, бүгүнкү муунду ар тараптуу колдоо аркылуу биздин мамлекеттин келечегин көрө алабыз. Бүгүнкү иш чарада тамак-аш жарманкесинен түшкөн акча каражаты Баткен областынын жабыркаган калкына жардам катары жөнөтүлөт. Фестиваль төрт күнгө созулуп, 15-октябрда жыйынтыкталат.