Дүйнөнү каптаган COVID-19 илдетинин кесепети бир нече миллиондогон адамдын өмүрүн алып, жер бетиндеги бүткүл адамзатты түйшүккө салганына үч жыл болду. Бул илдеттен көптөгөн адамдар жабыр тартып, анын кесепети азыр дагы уланып жатат. Оорудан сактануунун ар кандай жолдорун жолдорун ойлонушуп, алдын-алуу үчүн адамдарга вакцина саюу аркылуу бул оорудан сактанып жатышат. Кыргызстанда вакцинанын биринчи жана экинчи дозасын алышкан болсо учурда үчүнчү жана төртүнчү дозасын алуу өнөктүгү жүрүп жатат.
Биздин университетке Бишкек шаарынын жана Ош шаарындагы №3 поликлиникадан атайын дарыгерлер тобу келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, адамдарды бул оор илдеттен сактанууга чакырышты. Вакцина алуу менен гана бул оорунун алдын алып, эгер ооруга чалдыгып калган болсо жеңил өткөрүүгө болоорун эскертишти. Бир эле мамлекеттик мекеме-ишканаларда эмгектенген кызматкерлер эмес, өлкөбүздүн ар бир жараны вакцина алуу менен гана оорунун кесепеттерин азайтууга болоорун белгилешти.