Урматтуу студенттер, Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата «Мамлекеттик тилдин коомдогу орду» аталышында кыргыз тилин даңазалаган мыкты видеоролик сынагын жарыялайбыз.
Мамлекеттик тилди даңазалоого жана коомду тарбиялоого чакырган видеоролик сынагынын негизги шарттары:
– Кыргыз мамлекетинде кыргыз тилинде сүйлөө;
– эне тилди кадырлоо, улуттук тил катары баалоо;
– мамлекеттик тилдин маани-маңызын түшүнүү;
Катышуучулардын сапаттуу видео үн коштоосу, аткаруучулук чеберчилиги, сөздүн маанисине көңүл бурулат жана видеоролик 1-3 мүнөткө чейин болуусу зарыл.
Сынакка материалдарды кабыл алуу 2022-жылдын 25-октябрына чейин жүргүзүлөт. Жыйынтык 27-октябрь күнү актылар залында 14:00дө тандалган видеороликтерди көрсөтүү менен чыгарылат.
Жеңүүчүлөргө окуу жайдын атайын дипломдору жана кызыктыруучу сыйлыктары тапшырылат.
Кабыл алуу дареги:WhatsApp-0700971978
e-mail: zulpuevashim@mail.ru
Мамлекеттик тил бөлүмү