Ош технологиялык университетинде Баткенден келген үй-бүлөлөрдүн балдарына оюн-зоок уюштурулду. Иш чара Табигый-техникалык факультетинин студенттери тарабынан уюштурулуп, Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры менен биргеликте кичинекей балдар-кыздарыбыздын жүзүндөгү жагымдуу жылмаюуну жаратышты. Мында уюштуруучулар тарабынан балдарга ыр, бий конкурстары, оюн-зооктор уюштурулуп, белектер берилди. Ар бир жаш балага бактылуу балалык, чын ден соолук каалашты.
Университет бул багытта көп иштерди жасап келе жатат. Башка бирөөлөргө жардам берип, кайрымдуулук иштерди жасоону адат кылып алган ОшТУнун студенттери колдорунан келишинче аракеттерди көрүшүп, жардам берип келишет. Жаштарыбыздын бул аракеттерине жаш балдардын ата-энелери ыраазычылык айтты.