Ош технологиялык университетинин штабы бүгүнкү күндө тынымсыз иштеп жатат. Учурда штабка окутуучулар, студенттер азык-түлүк, кийим-кече керектүү гигиеналык каражаттарды алып келип, акчалай дагы жардам көрсөтүүдө.
Окуу жайдын жатаканасында Баткендин Тажикистан менен чектешкен айылдарынан эвакуацияланып келген, жараандар жайгаштырылган. Аларга үч маал ысык тамак берилип, керектүү жууп тазалоо каражаттары, кийим-кече менен камсыздалды. Ошондой эле, үй-бүлөлөргө, жаш балдарга биринчи психологиялык жардамдар берилди.
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун психологдору Баткенде жардам берүүдө.
Бишкекке учак аркылуу учкан 4 жарандын жол акылары ОшТУнун окутуучулары тарабынан төлөндү.
#ОшТУ_БАТКЕН_МЕНЕН!
#ОшТУ_ШТАБ
#ОШТУ