Ош технологиялык университетинде Баткен жана Чоң-Алай аймактарындагы Тажикстан менен чектеш жашаган жарандарга жардамдар көрсөтүү максатында атайын штаб түзүлгөн.
Штаб 24 саат бою иштеп жатат. Баткен районунун Тажикистан менен чектешкен аймактарындагы айылдардан эвакуацияланып келген жарандарды Ош технологиялык университети тарабынан даярдалган жатаканага жайгаштыруу уланууда.
Бардык жарандарга ысык тамактар берилип, биринчи жардамдар көрсөтүлдү жана зарыл каражаттар менен камсыз болушту. Жарандардан окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев кабар алды.
Окуу жайдын окутуучулары, студенттери азык-түлүктөрдү, ысык тамак, кийим-кече, дары-дармектерди, алып келишүүдө. Ошондой эле акчалай да жардам көрсөтүп жатышат.
Гуманитардык жардамдарды топтоо уланууда.
Байланыш үчүн телефондор:
0777 144 124 Рамис
0777 485 042 Бектур