2022-жылдын 19-сентябрь күнү Ош технологиялык университетинин административдик кеңешинин кезексиз жыйыны уюштурулуп, Баткен элине жардам берүү жана кол сунуу маселелери каралды.
Жыйында окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев төмөнкү маселелерге токтолду.
- Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Улуттук аза күтүү күнүнө карата баатырлардын кылган эрдиктерин эскерүү менен студенттерге ачык куратордук тарбиялык сааттарды өтүү.
- Баткен мамлекеттик университетинин техникалык багыттаокуган студенттерин академиялык мобилдүүлүк менен Ош технологиялык университетинде окутуу мүмкүнчүлүгүн кароо.
- Жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында кан тапшыруу.
- Чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун карап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Мындан сырткары, университет эвакуацияланган мекендештерибизге башпаанек уюштуруп, тамак-аш, тиешелүү каражаттар менен камсыз кылууда. Учурда 100дөн ашуун жаран окуу жайдын жатаканасында турушат. Аларга 3 маал ысык тамак уюштурулуп жатат.
Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн окуу жайдагы эмгек жамаат бир күндүк айлык маяналарын бөлүп берди.
Гуманитардык жардамдарды топтоо уланууда.
Байланыш үчүн телефондор:
0777 144 124 Рамис
0777 485 042 Бектур