Ректорлордун дүйнөлүк форуму биринчи жолу Бишкек шаарында уюштурулуп, ага дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүнөн ректорлор жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.
Форумга Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев баштаган делегация да катышып келди. Мында университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатууну, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууну жана технологияларды өткөрүп берүү ыкмалары талкууланды.
Иш чаранын алкагында, Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Турсунбаев бир нече жогорку окуу жайлар менен жолугушуп, окутуучулaрды, студенттерди aлмaшуу, биргелешкен билим берүү, илимий прогрaммaлaрды ишке ашыруу, биргелешкен конференция, семинaр жана конок-лекцияларды уюштуруу, кош дипломдуулук боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.