13-сентябрда Ош технологиялык университетинде бүткүл дүйнөлүк программистер күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Гумантардык-технологиялык колледжинин “Информатика, прграммалоо жана байланыш” кафедрасынын жалпы жамааты тарабынан маалыматтык технология багытында билим алып жатышкан студенттеринин ортосунда атайын коюлган шарттардын негизинде конкурс уюштурулган. Бул иш чаранын негизги максаты IT тармагын тандап келген биринчи курстун студенттерин бул кесиптин өзгөчөлүгүнө багыттоо, аларды салтанаттуу түрдө студенттик катарга кабыл алуу, бул багыттын адамдар арасындагы орду тууралуу келечек муундарга так маалымат берүү болуп саналат. Бул иш чарага шаардагы IT тармагында иш алып барган борборлордон коноктор келишип, окууда мыкты студенттерге окуу курстарынан отуз пайыздык арзандатуу сертификаттарды тапшырышты.
Гуманитардык-технологиялык колледжи 2004-жылдан тартып эл чарбасына жана өндүрүшкө миңдеген орто билимдүү адистерди даярдап берди. Бүгүнкү күндө бул адистикти бүтүргөндөр алыскы жана коңшулаш чет өлкөлөрдө эмгектенип жатышат. Коомдун негизги талабына ылайык маалыматтык технология багыты дүйнө жүзү боюнча өнүгүүнүн үстүндө. Андыктан, адамзат сөзсүз түрдө маалыматтык технология тармагын мыкты өздөштүрүүсү зарыл.