Ош технологиялык университетинде көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан, филология илимдеринин кандидаты, профессор Сагыналиев Мурзабек Джусупбекович билим берүүдө жана жаш муундарды тарбиялоодо кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Бул сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ОшТУга болгон иш сапарында тапшырды. М. Дж. Сагыналиев буга чейин университетттин ректорунун милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген. Агай жетектеп келген эки жыл аралыгында университетте бир топ ийгиликтер жаралды, окуу жай эл аралык аккредитациядан өтүп сертификатка ээ болду, көптөгөн жаңы адистиктер ачылып, лицензиялар алынды. Окуу жай бир нече эл аралык долбоорлордун катышуучусу болуп, билим берүүнүн эл аралык деңгээлине чыгууга аракеттер көрүлдү. Агайга мындан аркы иштерине ийгилик каалап, дагы жакшы жетишкендиктерге жетишине тилектешпиз.
ОшТУнун жалпы жамааты