Бала күлкүсү баарынан ыйык. 1-июнь – балдарды эл аралык коргоо күнү, аларды жаркын келечекке алып барууга аракет кылуучу майрам. Анткени, бул майрамдын негизги максаты өсүп келе жаткан кичинекей муунду туура тарбиялап, жат көрүнүштөрдөн алыс кылып, жардамга муктаж болгон чүрпөлөргө жардам көрсөтүү күнү. Бул күндүн урматына арналып, Ош технологиялык университетинде стол тенниси боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн арасында мелдеш өткөрүлдү. Бул иш чаранын негизги максаты, өсүп келе жаткан муундар арасында ынтымакты, достукту бекемдөө, аларды дени сак жашоого үндөө жана спортту сүйүүгө, өз элинин патриоту болууга чакыруу жана келечекте стол тенниси боюнча командага мыктыларды тандап алуу болуп эсептелет. Спорттук иш чара Ош шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин демилгеси жана Ош технологиялык университетинин колдоосу менен биздин окуу жайдын стол тенниси залында өткөрүлдү. Шаардагы орто мектептерден, Ош областынын бардык райондорунан жана Баткен областынан командалар келип катышышты.
Мелдешке катышкан ар бир команданын мүчөсү өз командасынын намысын коргоодо болгон күч-аракеттерин жумшашты. Оюндун эрежесине ылайык чеберчилик менен ойногон балдар келечекте кыргыз элинин намысын коргой турган спорт адамы болоорунан шек жок. Оюндун жүрүшү калыстар тобу тарабынан бааланып, жеңүүчү командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Бүгүнкү күндө балдарды коргоо күнүнө өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн иш чаралар борбор шаарларда мамлекеттик, райондордо райондук денгээлде өткөрүлүп келет. Ал эми ата-энелер бул жакшынакай жаркын, жөнөкөй, көздөрүнөн тазалык жана ак ниеттик тамган балдардын күнүндө алар өз кичинекейлерин колдорунан келишинче көңүлүн көтөрүп белек тартуулоого аракет кылат.