Гуманитардык технологиялык колледждин “Математика жана статистика кафедрасы” ОшТУнун ректорунун 2012-жылдын 2-октябрдын № 09-04/218 буйругу менен ОшТУнун Окумуштуулар Кенешинин чечиминин негизинде түзүлгөн. 2012-жылдан бери азыркы учурда «МиС» кафедрасын п.и.к., доцент Зикирова Г.А. жетектейт.
Кафедра даярдап жаткан адистик (адистиктер эмеспи)
Кафедра төмөнкү адистик боюнча студенттерди кабыл алуу жана даярдоо иш-аракеттерин жүргүзөт:
080601 — «Статистика» (квалификациясы — экономист).
050709 − Башталгыч класстарда окутуу (квалификациясы — башталгыч класс мугалими).
Окуу мөөнөттөрү:
11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;
9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай;
Сырттан окуу бөлүмү – 2 жыл 4 ай.
Окуу-усулдук иштер
Кафедранын бекитилген окуу усулдук иштерине ылайык курстук иштерди аткарууга жана дипломдук иштерди аткарууга усулдук колдонмолор иштелип чыгып, Методикалык кенеште бекитилген.
Кафедра башчысы Зикирова Гулайым тарабынан
- “Белгисиз абсолюттук чоңдуктун ичинде болгон теңдемелерди, барабарсыздыктарды жана функцияларды окутуу”. Мектеп окуучулары үчүн окуу-усулдук колдонмо.- Ош: – 2018
- “Математикалык маселелерди ар түрдүү жолдор менен чыгаруу” (Алгебра, геометрия ) Жогорку окуу жайларынын математика мугалимдери үчүн окуу усулдук колдонмо . – ОГПИ: -2019
- “ Орто кесиптик жана жогорку билим берүү системасында математикалык уламалуулук эрежесинин негизинде окутуунун методикасы”. Монография Бишкек, 2018. – 105 б.ISBN 978-9967-461-60-4
- «Техника» багытындагы болочок бакалаврды даярдоодо математиканы кесипке багыттап, компетенттүүлүк мамиленин негизинде окутуу Монография Бишкек, 2020. – 106 б. ISBN 978-9967-461-60-4 монографиялары жарык көрдү.
Кафедрада тарбия иштери жалпы билим берүү иштеринин планы, ошондой эле кураторлордун жеке пландары боюнча жүргүзүлөт жана студенттердин билим сапатын жогорулатууга, өз алдынчалуулугун өркүндөтүүгө багытталган. Жалпысынан билим берүү иши окуу процесси аркылуу да, анын чегинен тышкары да жүргүзүлөт.
Куратордук иш төмөнкү милдеттерди камтыйт:
- учурдагы окуу жылына карата тарбия иштеринин планын түзүү.
- старосталарды дайындоо жана топтук активдерди түзүү, студенттерди адистиктин окуу планы менен тааныштыруу.
- студенттерди колледждин эрежелери менен тааныштыруу.
- ар кандай уюштуруу жана билим берүү темаларында баарлашууларды уюштуруу жана өткөрүү.
- колледж тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга студенттердин катышуусу.
- эмгек тартибин, ички тартипти сактоо.
- жатаканада жана батирде жашаган студенттер менен иштөө.
Илимий-изилдөө ишитери:
Профессордук окутуучу курамы: Кафедра башчысы Зикирова Г.А. 2023-жылы “Техникалык жогорку окуу жайында кесипке даярдоонун эки баскыч боюнча математикага окутуунун илимий-методикалык негиздери” деген темада доктордук диссердациясын ийгиликтүү коргоду. Кафедрада 1-илимдин кандидаты, 11-магистр, 15-окутуучу, 1-инженер-программист кирет. Акыркы жылдын ичинде кафедранын окутуучулары А.А. Таштемирова, М.М. Жусуева, Кушбак кызы Г, аспирантураны ийгиликтүү аякташып, өздөрүнүн илимий багыты боюнча изилдөөлөрүн тынымсыз улантышууда.
Кафедранын ЖОЖдор менен кызматташтык:
“МиС” кафедрасы Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык – педагогикалык колледжи жана “Мурас” инновациялык колледжи ортосундагы өз ара кызматташуусу бар.
Кафедранын ишмердүүлүгү:
Жыл сайын кафедра жамааты иш берүүчүлөр, ата-энелер жана кызыкдар тарап менен окуу-пландындагы сабактарды, окуу методикалык комплексинин колдонмонун мазмунун, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практиканы өтүүнүн жол жоболору талкууланат.
Өндүрүштун алдыңкы жетекчилери, тажрыйбалуу адистери катышкан студенттер менен тегерек столдор, конференциялар уюштурулуп, өткөрүлүп турат.
«МиС» кафедрасынын материалдык-техникалык базасы
«МиС» кафедрасына төмөнкү аудиториялар бекитилген:
- – «МиС» кафедрасы – ТК/105
- – Практакалык сабактарды өтүү каанасы – ТК /101
- – Компьютердик класс – ТК /303
- – Практакалык сабактарды өтүү каанасы – ТК /102
- – Практакалык сабактарды өтүү каанасы – ТК /103
- – Практакалык сабактарды өтүү каанасы – ТК /104
- – Компьютердик класс – ТК/110
Кафедранын документтери:
- Орто кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасы (НББП)
- Абитуриенттер боюнча маалымат
- Бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат
- Илимий изилдөө иш планы
- МиС кафедрасынын окутуучуларынын илимий макалалары
- Кафедранын иш планы