“Дене тарбия жана Аскерге чейинки даярдык (ДТжАЧД)” кафедрасы Гуманитардык-Технологиялык колледжинин структуралык бөлүгү болуп эсептелип, окуу жараянын, усулдук жана илимий изилдөө иштерин, массалык-спорт боюнча иш чараларды жана башка коомдук иштерди алып барат. Ошондой эле, университеттин жана колледждин окутуучу профессордук курамынын, кызматчылардын ден соолугун чыңдоодо, алардын иштеринин өндүрүмдүү болуусуна шарт түзүп, ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруп келишет.
ОшТУнун окумуштулар кенешинин чечимине ылайык, ректордун 2017-жылдын 27-июнь №9-09/191 буйругунун негизинде “ДТжАЧД” кафедра болуп түзүлдү.
Азыркы мезгилде кафедрада 10 жогорку билимдүү окутуучулар жамааты жана 1 адис эмгектенет. Кафедрада “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги”, ага окутуучу, СССР спорт чебери жана Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Баткен окуясынын катышуучусу, 1-разряддагы окутуучулар жана камдагы ага лейтенант, камдагы майор, камдагы полковниктер иштешет.
Кафедрада спорттун 11 түрүнөн кафедра окутуучуларынын жетекчилиги астында машыгуулар студенттер, окутуучу-профессор жана кызматчылар арасында жүргүзүлөт. Кафедра ОшТУнун “ДТ” кафедрасы менен тыгыз байланышта болуп, “Намыс” спорт клубуна мүчө болуп киргизилген.
Кафедрадагы окуу иштери боюнча окуу планы атайын мамлекеттик билим берүү министирлиги тарабынан колледждер үчүн түзүлгөн базистик программанын негизинде жүргүзүлөт. Окуу процессинин түрлөрү: лекция, практика, студенттер менен жеке иш алып баруу, студенттердин өз алдынча иш алып баруусу (СӨАИ), тарбиялык иш алып баруу, спорт секцияларында машыгуу жана мелдештерге катышуу.
Кафедра 2 спорт зал, 1 спорт аянтча, 1 тренажердук зал менен камсыз болгон. Бардык спорт залдар жана кафедрага тиешелүү канаалар ремонттон өткөрүлгөн. Мындан сырткары атайын студенттер үчүн кийинип-чечинүүчү жайлар жана инвентарларды сактоо каанасы бар.
Кафедрада окуу процессинен тышкары студенттер менен тарбиялык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Атайын студенттер менен “Техникалык коопсуздукту сактоо”, “Колледждин ички тартиби менен тааныштыруу”, “Гигиена” жана башка темаларда лекциялар окулуп, кеңири түшүнүк берилет. Спорт секцияларда катышкан студенттерибиздин спорттук чеберчилигин өстүрүү максатында башка окуу жайлар арасында жолдоштук беттешүүлөргө катышып келишет.
Кафедра башка окуу жайлардын Дене тарбия кафедралары, шаардык жана областтык дене тарбия жана спорт комитеттери, Республикалык массалык-спорт жана ден соолукту чындоо боюнча “Жаштык” борбору жана Бишкек шаарынын спорт түрлөрү боюнча федерациялары менен тыгыз байланышта иш алып барат.
Кафедра окутуучуларынын жетекчилиги астында спорт түрлөрү боюнча курама командалар Универсиада мелдешине катышып келишет.
Кафедранын профессордук окутуучулук курамы
Артыков Заирбек Жакыпович кафедранын башчысы, ОшТУнун ага окутуучусу. Шахмат боюнча машыктыруучу. Кыргыз мамлекеттик дене тарбияи нститутун 2001-жылы аяктаган. Жалпы педагогикалык стажы 15 жыл. ОшТУдагы стажы 15 жыл.
Тел: 0778-749590 zjartykov@mail.ru
Кайназаров Калыбек окутуучу, камдагы ага лейтенант “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги”, Кыргыз Гуманитардык университетин 1975-жылы аяктаган. Жалпы педагогикалык стажы 22 жыл. ОшТУдагы стажы 16 жыл.
Тоголоков Абдибасир Мойдунович – окутуучу, камдагы майор, Фрунзе политехникалык институтун 1988-жылы аяктаган. Жалпы педагогикалык стажы 21 жыл. ОшТУдагы стажы 16 жыл.
Телефон: 0772-809231 togolokovma@mail.ru
Божоков Талыпжан АЧД окутуучусу, Украина ССР Хмельницдик жогорку артиллериялык командалык училищасын 1988 жылы аяктаган, Полковник. Жалпы стажы 41 жыл, ОшТУдагы стажы 1 жыл.
Телефон: 0552150267
Андапулатов Алижан Адхамжанович окутуучу, жеңил атлетика боюнча машыктыруучу ОГПИ 2012-жылы аяктаган. Жалпы педагогикалык стажы 17 жыл. ОшТУдагы стажы 10 жыл.
Телефон: 0773-296057 aandapolotov@mail.ru
Маралова Венера Шерахматовна окутуучу. валейбол боюнча машыктыруучу «КР волейбол боюнча спорт чебери» Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун 2003-жылы аяктаган. Жалпы педагогикалык стажы 15 жыл. ОшТУдагы стажы 15 жыл.
Телефон: 0773-616142 vmaralova@mail.ru
Нармырзаев Артур Абибакирович окутуучу, ордо боюнча машыктыруучу Ош Мамлекеттик Университетин 2011-жылы аяктаган. Жалпы педагогикалык стажы 9 жыл. ОшТУдагы стажы 7 жыл.
Телефон: 0771-121310 abnarmyrzaev@mail.ru
Бакиров Кубат Арзибаевич окутуучу, футбол боюнча машыктыруучу Ош гуманитардык педагогикалык институтун 2010-жылы аяктаган. Жалпы педагогикалык стажы 9 жыл. ОшТУдагы стажы 9 жыл.
Телефон: 0770-279794 karzybaev@mail.ru
Рысалиев Нургелди Баатырбекович окутуучу, валейбол боюнча машыктыруучу Ош Мамлекеттик Университетин 2016-жылы аяктаган. Жалпы педагогикалык стажы 5 жыл. ОшТУдагы стажы 5 жыл.
Телефон: 0777-250580 rnurgeldi@mail.ru
Омурбек кызы Айымкан окутуучу, Ош Гуманитардык Педогогикалык Институтун 2020 жылы аяктаган. Жалпы стажы 1 жыл. ОшТУдагы стажы 1 жыл.
Телефон: 0706 686085
Абдизакир кызы Айдай кафедранын адиси, магистр. Ош Мамлекеттик Университетин 2018-жылы аяктаган. ОшТУдагы жалпы стажы 3 жыл.
Телефон: 0774-788941 abdizakirova486@mail.ru