
Сызма геометрия жана графикалык дизайн кафедрасы 1991-жылы алгач кафедра cектор болуп “Машиналардын механикасы жана инженердик графика” кафедрасынын курамында негизделген.
ОшТУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде 1998-жылдын 22-январындагы №09-01/07 ректордун буйругу менен Энергетика жана Унаа факультетинин курамында Сызма геометрия жана черчение кафедрасы болуп уюшулган.
2014-жылдан кафедраны п.и.к., доцент Токтосунов Алмазбек Аскерович жетектеп келет.
2015-жылдан кафедра Сызма геометрия жана графикалык дизайн к бүтүрүүчү кафедрасы болуп аты өзгөртүлүп, 570400-Дизайн багытында “Графикалык дизайн” жана “Дизайн интерьер” профилинде жогорку квалификациядагы адистерди даярдап келүүдө.
Кафедрада учурда келечектеги дизайнерлерди даярдоо багытында Билим берүүнүн мыктылары жана маданияттын эмгексиңирген кызматкерлери, бир илимдин кандидаты, эки СССРдин, КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, бир инженер-программист, тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенет.
Кафедра учурда 2024-жылы НИАРиС агентствосунан 5 жылга аккредатциядан өткөн.
2024-25 окуу жылынан кафедра Архитектура жана курулуш институтна бекитилген.
КАФЕДРАНЫН МҮЧӨЛӨРҮ
Токтосунов Алмазбек Аскерович
Ээлеген кызматы: кафедра башчысы
Билими: жогорку, Ош ТУ (Ош ВТК) 1995-ж.
Илимий даражасы: педагогика илимдеринин кандидаты
Илимий наамы: доцент
Эмгек стажы: жалпы 40 жыл, ОШ Туда 30 жыл.
Окуткан сабактары: Сызма геометрия, Кесипке киришүү, Инженердик жана компьютердик графика, Долбоорлого киришүү.
Илимий жана окуу-усулдук эмгектери: жарыяланган илимий макалалары-37; басып чыгарылган окуу усулдук курал-6;
Кесиптик жактан өнүктүрүү жана кайра даярдоо жөнүндөгү маалыматтар:
– Россия Федерациясы, Екатеринбург шаары, РГППУ (РМППУ).
– РК, Алматы шаары , КазУАгр У, илимий стажировка.
– КР, Бишкек шаары, Билим берүү академиясы, илимий стажировка
Момункулов Авас Орозкулович
Ээлеген кызматы: кафедранын доценти, КР маданиятына эмгексиңирген кызматкер. СССР, КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген кызматкер.
Эмгек стажы: 39 жыл, 8 жыл Ош ТУ.
Окуткан сабактары: Сүрөт, Түс жана контекст теориясы, Дизайн студиясы
эмгектери: «Жылкычынын боз үйүндө», «Бакан», «Тандар», «Жомок», «Жымжырттык», «Топоз минген бала», «Постсиндром» ж.б.
Көргөзмөлөргө катышуу: жыйырмадан ашуун республикалык , эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
Токтобаева Гулбарчын Турсунбаевна
Ээлеген кызматы: кафедранын ага окутуучусу
Илимий наамы: ага окутуучу
Эмгек стажы: 12 жыл
Окуткан сабактары: дизайн ой жүгүртүү, графикалык дизайн искусствосунун тарыхы, жарнамалык түшүнүктөр.
Шарабидин кызы Акжуурат
Кесиби: Графикалык дизайнер,
Илимий чини: магистр
Ээлеген кызматы: Окутуучу
Эмгек стажы: 7 жыл
Окуткан сабактары: дизайн ой жүгүртүүсү, графикалык дизайн, искусствосунун тарыхы, жарнамалык түшүнүктөр
Кадырбек кызы Гулмайрам
Кесиби: инженер-программист
Илимий чини: магистр
Ээлеген кызматы: окутуучу
Эмгек стажы: 8 жыл
Окуткан сабактары: Эксперименталдык дизайн студия, Web- дизайн, Дизайн студиясы.
Жаладинов Каныбек Мубаракович
Кесиби: Дизайнер
Илимий чини: магистр
Ээлеген кызматы: кафедра окутуучусу
Эмгек стажы: 8 жыл
Окуткан сабактары: Сүрөт,Фотографика, Эксперименталдык дизайн студия, Долбоорлоодогу компьютердик технология , Web- дизайн
