«Пайдалуу Кендердин Геологиясы» кафедрасынын кыскача тарыхы
Кыргызстандын түштүк аймагын геологиялык багыттагы адистер менен камсыз кылуу максатында 1994-95- окуу жылында Ош Технологиялык Университетинин базасында биринчи жолу “Пайдалуу кендерди сүрөттөө, издөө жана чалгындоо” адистигине студенттер кабыл алынган.
Учурда “Пайдалуу кендердин геологиясы” кафедрасы Түштүк Кыргыз Геологиялык Экспедициясы (ТКГЭ) жана Ош Гидрогеологиялык Партиясы (ОГП) менен келишимдик негизде тыгыз иш алып барат. Жогоруда аталган адистикти өнүктүрүү максатында ТКГЭ, ОГП ишканаларынын базасы кенири колдонулат. Алар: окуу-өндүрүштүк борбору, окуу кабинеттери, бургулоо жана тоо-кен иштери кабинети ж.б.
Кафедранын ачылуусуна салым кошкон жана негиздөөчүлөр төмөнкүлөр: профессор Аматов Сапарбай Аматович, Аматова Нуржамал Садвокасовна, Ждан Алексей Васильевич, Пихота Николай Андреевич, ошол кездеги Түштүк Кыргыз Геологиялык Экспедициясынын жетекчилиги, ж. б. Ал кездеги ректор Бектемир Мурзубраимовдун буйругу менен, жогоруда аталган адистикти өнүктүрүү максатында инженердик курулуш факультетинин базасында геология сектору ачылган жана ал сектор 1998-жылы ректордун буйругу менен «Пайдалуу кендердин геологиясы» кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.
Кафедранын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Түштүк Кыргыз Геологиялык Экспедициясынын, Ош Гидрогеологиялык Партиясынын жана башка өндүрүштүк ишканалардын потенциалдары толук колдонулуп келет. Өндүрүш менен жогорку билим берүүнү тыгыз байланыштырууда, жогоруда аталган ишкана жетекчилеринин жана профессорлор С. Аматовдун, Н. С. Аматованын жасаган эмгектери зор.
Кафедранын базасында үч лаборатория, эки окуу кабинети жана окуу-геологиялык полигону бар. Окуу-геологиялык полигону Кадамжай районунун Чаувай айлында жайгашкан. Ошондой эле ОшТУнун башкы корпусунда кафедранын окутуучуларынын жардамы менен академик Муса Мырзапаязович Адышев атындагы музей түптөлгөн.
Кафедрада жыл сайын апрелдин биринчи жумалыгында геологдор күнүнө карата, тоо-кен тармагындагы ишканалар, Түштүк Кыргыз Геологиялык Экспедициясы (ТКГЭ) жана Ош Гидрогеологиялык Партиясы (ОГП) менен биргеликте студенттерге төгөрөк стол уюштурулуп келет.
Кафедра учурда төмөнкү адистиктерди даярдоодо:
- Адистик: “Пайдалуу кендерди сүрөттөө, издөө жана чалгындоо” (Шифр – 630001) окуу мөөнөтү күндүзгү бөлүмдө – 5 жыл, сырттан окуу бөлүмүндө – 6 жыл;
- Бакалавр: “Тоо кен иштери” (Шифр – 630300) окуу мөөнөтү күндүзгү бөлүмдө – 4 жыл.
Студенттерди кабыл алууда жалпы республикалык тест, кошумча математика же физика сабагы боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы эсептелет.
Бул багытты аяктаган адистер төмөнкү тармактарда иштей алат:
- кен байлык ишканаларын башкарууда;
- кен байлыктарды чалгындоодо, иштетүүдө;
- жаратылышты коргоодо;
- өнөр жайда, уюштуруу иштеринде.
«ПКГ» кафедрасынын илимий байланыштары:
- КР УИА түштүк бөлүмү Ош ш.;
- И. Раззаков атындагы КТУ, Бишкек ш.;
- КР УИА сейсмология институту, Бишкек ш.;
- КР УИА геология институту, Бишкек ш.;
- Түштүк Кыргыз Геологиялык Экспедициясы (ТКГЭ);
- РГГУ, Москва ш.
Кафедранын курамы:
Дуванакулов Мусабек Абдушарипович – «ПКГ» кафедра башчысы, г.и.к., ОшТУнун доценти, mduvanakulov@mail.ru, тел: 996 772 720 582
Калдыбаев Нурланбек Арзымаматович – «ПКГ» кафедрасынын профессору, т.и.к., КРнын инженердик академиясынын мучөсү, nurlan67@mail.ru Тел. 996 773 719 301;
Култаева Акмарал Кубанычбековна – г.и.к., “ПКГ” кафедрасынын доценти akmaral.kultaeva@mail.ru, Тел.ном. 996 773 108 081;
Чомонов Эркебай Орозалиевич – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу, erkebai63@mail.ru,Тел.ном. 996 77890676 996 558 202 080;
Панфиленко Татьяна Гайратовна – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу tatiana.panfilenko27@gmail.com тел. ном. 996 505 330 693;
Убайдилла уулу Бектур – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу, Satybaldiev.91@bk.ru, тел. ном. 996 777 485 042;
Жунусалиева Айжаркын Келсинбековна – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу Тел.ном. 996 773 751 653;
Токтомуратова Гулжан Шералиевна – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу guljantoktomuratova@mail.ru,Тел. ном. 996 553 686 991;
Раманкулова Гулдана Насыркуловна – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу guldana9087@mail.ru,Тел. ном. 996 774 050 290;
Жороева Асел Муктаровна – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу asel.joroeva.32@mail.ru Тел. ном. 996 777 322 007;
Ражап кызы Умуткан – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу rajapovaumutai3@gmail.com Тел. ном. 996 772 963 100;
Бабашева Элиза – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу,eliza.babashova@mail.ru Тел. ном. 996 558 550 083;
Акылбек кызы Динара – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу mailto:akylbekkyzydinara07@gmail.com,Тел. ном. 996 552 607 092;
Женишбек кызы Акинай – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу iranovaakinai@gmail.com. Тел. ном. 996 777 233 572;
Ажиматов Эрнис Салиевич – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу eajimatov@gmail.com, Тел. ном. 996 220 150 946;
Эшматова Динара Мустапаевна – “ПКГ” кафедрасынын окутуучусу dina_84.01.11@mail.ru Тел.ном. 996 224 086 767;
Каримов Абдисатар – “ПКГ” кафедрасынын лаборанты akarimov@gmail.com, Тел. ном. 996 554 073 907;
Болбуров Баястан Мойдунбекович – “ПКГ” кафедрасынын инженери Bolburov98@gmail.com,Тел. ном. 996 557 955 042.
