• Русский
  • English
  • Коррупцияга каршы
  • ЭДЖ ОшТУ
  • Сайттын картасы
  • Байланыш
No Result
View All Result
Logo
Ректордун кабылдамасы
+996 3222 4-38-83
ОшТУнун
ректоруна кат
  • Башкы бет
  • Университет
    • Жетекчилик
      • ОшТУнун ректору
      • Окуу иштери боюнча проректор
      • Илим жана инновация боюнча проректору
      • Cырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор
      • Мамлекеттик тил боюнча проректору
      • ОшТУнун усулдук кеңеши
      • Окумуштуулар кеңеши
      • Көзөмөл кеңеши
      • Дуйнолук тилдер кафедрасы
      • Ченемдик документтер
    • Департаменттер
      • Окуу бөлүмү
      • Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти
    • Бөлүмдөр
      • Кадрлар бөлүмү
      • МжББИТ бөлүмү
      • МТжККТ бөлүмү
      • Редакциялык-басма бөлүмү
      • Укуктук иштер бөлүмү
      • Жалпы бөлүм
      • Билим сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү
      • Илим бөлүмү
      • Эл аралык бөлүмү
      • Бириккен профсоюз комитети
    • Чарбалык-эсеп бөлүмү
      • Ош технологиялык университетинин бухгалтериясы
      • Финансылык-пландоо бөлүмү
      • Админстративдик-чарба бөлүмү
      • ОшТУнун студенттер үйү
  • Окумуштуулар кеңеши
  • Окуу бөлүмдөрү
    • Факультеттер
      • Экономика жана башкаруу институту (ЭжБИ)
      • Архитектура жана курулуш институту
      • Автоунаа жана тейлөө технологиясы факультети
      • Инновациялык маалымат технологиялар институту (ИМТИ)
      • Индустриалдык-педагогикалык институт (ИПИ)
      • Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
      • Энергетика жана транспорт институту
    • Колледж жана институттар
      • Гуманитардык-технологиялык колледж
      • ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту
      • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
      • Магистратура бөлүмү
  • Илим
    • Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү
    • Ош технологиялык университетинин Бизнес-Инкубатору
    • Илимий-техникалык журнал “Известия ОшТУ”
    • Технопарк
    • Илимий-изилдөө долбоорлору
    • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
    • Магистратура бөлүмү
  • Эл аралык бөлүмү
No Result
View All Result
No Result
View All Result
    • Башкы бет
    • Университет
      • Жетекчилик
        • ОшТУнун ректору
        • Окуу иштери боюнча проректор
        • Илим жана инновация боюнча проректору
        • Cырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор
        • Мамлекеттик тил боюнча проректору
        • ОшТУнун усулдук кеңеши
        • Окумуштуулар кеңеши
        • Көзөмөл кеңеши
        • Дуйнолук тилдер кафедрасы
        • Ченемдик документтер
        Департаменттер
        • Окуу бөлүмү
        • Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти
        Бөлүмдөр
        • Кадрлар бөлүмү
        • МжББИТ бөлүмү
        • МТжККТ бөлүмү
        • Редакциялык-басма бөлүмү
        • Укуктук иштер бөлүмү
        • Жалпы бөлүм
        • Билим сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү
        • Илим бөлүмү
        • Эл аралык бөлүмү
        • Бириккен профсоюз комитети
        Чарбалык-эсеп бөлүмү
        • Ош технологиялык университетинин бухгалтериясы
        • Финансылык-пландоо бөлүмү
        • Админстративдик-чарба бөлүмү
        • ОшТУнун студенттер үйү
    • Окумуштуулар кеңеши
    • Окуу бөлүмдөрү
      • Факультеттер
        • Экономика жана башкаруу институту (ЭжБИ)
        • Архитектура жана курулуш институту
        • Автоунаа жана тейлөө технологиясы факультети
        • Инновациялык маалымат технологиялар институту (ИМТИ)
        • Индустриалдык-педагогикалык институт (ИПИ)
        • Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
        • Энергетика жана транспорт институту
        Колледж жана институттар
        • Гуманитардык-технологиялык колледж
        • ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту
        • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
        • Магистратура бөлүмү
    • Илим
      • Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү
      • Ош технологиялык университетинин Бизнес-Инкубатору
      • Илимий-техникалык журнал “Известия ОшТУ”
      • Технопарк
      • Илимий-изилдөө долбоорлору
      • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
      • Магистратура бөлүмү
    • Эл аралык бөлүмү
    Башкы бет Чарбалык-эсеп бөлүмү

    ОшТУнун Камкорчулар кеңеши

    М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин

     Көзөмөлчүлүк кеңеши

    М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Көзөмөлчүлүк кеңеши (мындан ары – Кеңеш) – юридикалык жак статусуна ээ болбогон, Ош технологиялык университетинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу берүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар болгондордун бардыгын ыктыярдуу негизде бириктирген мамлекеттик эмес, өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес коомдук уюм.

    Кеңеш – Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын  Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндөгү мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларына таянып иш алып барат.

    Кеңештин максаты жана милдеттери

    1. Кеңештин максаты кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн, окуу жайдын ишинин айкындыгын, ошондой эле бюджеттик эмес каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
    2. Төмөнкүлөр Кеңештин милдеттери болуп саналат:

    1) окуу жайдын ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;

    2) окуу жайдын уставдык максаттарына жана милдеттерине жетүүсүнө көмөктөшүү;

    3) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коомдук уюмдар менен, ошондой эле эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү;

    4) окуу жайдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун кошумча булактарын тартуу.

    Кеңештин ыйгарым укуктары

    1. Кеңеш:

    1) уюштуруучулар тарабынан окуу жайдын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга жана кабыл алууга, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга көмөктөшөт;

    2) окуу жайды өнүктүрүүгө гуманитардык жардамды (инвесторлорду, меценаттарды) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каржылоо булактарын издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырат;

    3) окуу жай үчүн тартылган бюджеттик эмес каражаттардын чыгашалар сметасын аткарууну карайт жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат;

    4) окуу жайдын өнүгүүсүнүн жана натыйжалуу иштешинин учурдагы жана келечектеги милдеттерин чечүүгө, иштин сапатын жакшыртууга көмөктөшөт.

    1. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

    1) окуу жайдын ишин жакшыртуу жана билим берүү, маданият, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

    2) окуу жайдын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылууга, спорттук-массалык, дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу, социалдык-маданий, билим берүү иш-чараларын өткөрүүгө көмөктөшүүгө;

    3) окуу жайдын кызматкерлерин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле кызыкдар уюмдарды, адистерди жана эксперттерди Кеңештин жыйналыштарына чакырууга;

    4) мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу жашырын сырга кирген маалыматтарды кошпогондо, окуу жайдын тиешелүү кызмат адамдарынан ишти (анын ичинде бюджеттен тышкары финансы-чарбалык) жүзөгө ашырууга байланыштуу документтерди же башка маалыматтарды суратып алууга;

    5) зарылдыгына жараша Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен туруктуу жана (же) убактылуу комиссияларды түзүүгө;

    6) фискалдык органдар тарабынан окуу жайды текшерүүлөрдүн натыйжалары менен таанышууга;

    7) финансы-чарбалык иш чөйрөсүндөгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери бузулган учурда туруктуу жана (же) убактылуу комиссиянын, жумушчу топторунун иштеринин жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу органга окуу жайдын кызмат адамдарына, кызматкерлерине карата тийиштүү чараларды кабыл алуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

    8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, алардын кызмат адамдарына, укук коргоо органдарына зарыл чараларды көрүү үчүн табылган бузуулар жөнүндө материалдарды берүүгө;

    9) окуу жайдын ишинин маселелери боюнча коомдук пикирди иликтөөгө жана жалпылоого жана алынган маалыматтарды мекеменин ишин өркүндөтүү максатында пайдаланууга;

    10) окуу жайдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө;

    11) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү маселелери боюнча жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароого катышууга.

    1. Кеңеш төмөнкүлөргө милдеттүү:

    1) Кеңештин ишинин жылдык планын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

    2) өз ишин окуу жайдын администрациялары, алардын уюштуруучулары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана гуманитардык жардам көрсөткөн жеке жактар менен өз ара тыгыз аракетте жүзөгө ашырууга;

    3) окуу жайдын иши жөнүндө коомчулукка маалымдоого көмөктөшүүгө;

    4) жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайты аркылуу өз иши, кабыл алынган чечимдери жана алардын аткарылышы жөнүндө коомчулукка маалымдоого;

    5) берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүгө жана аларды өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын киргизүүгө;

    6) өз иши жөнүндө ар жылдык отчетторду даярдоого жана жалпыга маалымдоо каражаттары же окуу жайдын уюштуруучуларынын расмий веб-сайттары аркылуу коомчулукка маалымдоого;

    7) окуу жайдын каржылоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген кошумча булактарды тартууга;

    8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча өз иши жөнүндө отчетторду берүүгө.

    Ош технологиялык университетинде төмөнкүлөр Кеңештин мүчөлөрү боло алышат:

    1) социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары;

    2) ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана ошондой эле гуманитардык жардам көрсөткөн жеке жактар.

    1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 11 адамдан ашпаган Кеңешти тандоо жана түзүү боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзөт.
    2. Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана ушул берененин социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары кире алышат.

    Кеңештин ишин уюштуруу

    1. Кеңеш өз ишин көз карандысыздык, айкындуулук, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптеринде жүзөгө ашырат.
    2. Кеңештин төрагасы ачык добуш берүү менен, Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен бир жылдык мөөнөткө шайланат.

    Кеңештин төрагасы:

    1) Кеңештин ишин уюштурат, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Кеңештин атынан чыгат;

    2) жыйналыштарды чакырат, Кеңештин жыйналыштарында кароо үчүн киргизилүүчү маселелерди аныктайт;

    3) Кеңештин жыйналыштарында төрагалык кылат;

    4) Кеңешке берилген материалдарды текшерүүнү уюштурат;

    5) Кеңештин ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алат;

    6) окуу жайдын  уюштуруучусуна, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, жергиликтүү кеңешке жана ведомстволук баш ийүүсүнө жараша социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кеңештин иши жөнүндө маалымдайт;

    7) Кеңештин чечимдерине ылайык башка иш-милдеттерди аткарат.

    4. Кеңештин төрагасы өз иш-милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда анын ыйгарым укуктары Кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмесинин чечими менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

    5. Кеңеш өз курамынан Кеңештин катчысын шайлайт.

    Катчынын ишин техникалык жактан колдоо үчүн Кеңештин чечими боюнча адамдар келишимдик негизде тартылышы мүмкүн.

    6. Кеңештин катчысы:

    1) Кеңештин жыйналыштарын даярдоону камсыз кылат;

    2) Кеңештин мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабар берет, Кеңештин жыйналышынын протоколун жүргүзөт;

    3) Кеңештеги иш кагаздарын уюштурат жана жүргүзөт, ошондой эле анын чечимдеринин аткарылыш мөөнөттөрүн көзөмөлдөйт;

    4) Кеңештин жана анын төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка иш-милдеттерди аткарат.

    Кеңештин ишин финансылык жактан камсыз кылуу

    1. Кеңеш өз ишин уюштуруу үчүн мыйзамдарга карама-каршы келбеген булактардан гуманитардык жардамды, финансылык жана башка материалдык каражаттарды тартууга укуктуу. Аларды кабып алуу, эсебин жүргүзүү жана бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

    Кеңештин жыйналышы

    1. Кеңештин биринчи жыйналышын Кеңештин жашы боюнча улуу мүчөсү ачат.

    Кеңештин биринчи жыйналышында ачык добуш берүү менен Кеңештин төрагасы жана катчысы шайланат.

    1. Кеңештин жыйналышында Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ.

    Кеңештин жыйналышы ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда ченемдүү укук болот.
    Кеңештин жыйналышы ачык, кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

    1. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке өздөрү катышат. Кеңештин жыйналышына катышуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, Кеңештин мүчөсү күн тартибине киргизилген маселе боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө жөнөтүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн пикир Кеңештин жыйналышында каралууга жатат жана добуш берүүдө эске алынат.

    Ош технологиялык университетинин Көзөмөл кеңешинин курамы:

    Зулуев Бекмурза Бекболотович – Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, п.и.д., профессор
    Юсупов Замир Байышович – Ош шаарынын мэринин орун басары
    Исраилов Мирлан Кубанычович – Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы
    Адылов Чыныбек Адылович – Б.Сыдыков атын. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин маалымат жана инновациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент
    Гуронов Мирбек Мамасалиевич – Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин жетекчиси
    Үсөнов Муса Мурзапарович – Баткен мамлекеттик университетинин экономика жана финансы боюнча проректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент
    Мусабаева Матлюбахан Разыкбаевна – Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү
    Ниязбеков Кушубак Мамашович – “Ниязбеков Кушубак Мамашович” жеке ишканасынын салык консультанты жана бухгалтери
    Арзыматова Саадаткан – Алай райондук Жалпы практикалык дарыгерлер борборунун үй-бүлөлүк дарыгери
    Ташбаев Азизбек Мазанович – М.М.Адышов атын. Ош технологиялык университетинин “Бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор
    Акматалиев Асанбек Тургунбаевич – М.М.Адышов атын. Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору, философия илимдеринин кандидаты, доцент

    Акыркы жаңылыктар

    “Жашыл мурас_2025” экологиялык акциясы

    “Жашыл мурас_2025” экологиялык акциясы

    30.04.2025

    Ош технологиялык университетинин студенттери жана окутуучулары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош...

    ОШТУ “ДЕН-СООЛУК – 2025” СПАРТАКИАДАСЫНДА ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

    ОШТУ “ДЕН-СООЛУК – 2025” СПАРТАКИАДАСЫНДА ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

    30.04.2025

    Ош шаарында КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер арасында “Ден-соолук –...

    КЕСИПТИК КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМ: БОШ ИШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИ

    КЕСИПТИК КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМ: БОШ ИШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИ

    29.04.2025

    2025-жылдын 29-апрелинде Ош шаарында бүтүрүүчү студенттер үчүн чоң мааниге ээ болгон кесипке багыт берүү жана жумуш мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган жарманке ийгиликтүү...

    ОшТУ менен Андижан институтунун студенттери математикадан мелдешти

    ОшТУ менен Андижан институтунун студенттери математикадан мелдешти

    29.04.2025

    ОшТУда Бүткүл дүйнөлүк математика күнүнө карата Ош технологиялык университетинин “Так илимдер кафедрасы” менен Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун “Маалымат...

    ОшТУ Кытайдагы Шицзяжуан окуу жайы менен темир жол адистерин даярдоо үчүн абитуриенттерди кабыл алууну талкуулашты

    ОшТУ Кытайдагы Шицзяжуан окуу жайы менен темир жол адистерин даярдоо үчүн абитуриенттерди кабыл алууну талкуулашты

    29.04.2025

    Бүгүн ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген курам онлайн форматта Шицзяжуан темир жол профессионалдык-техникалык окуу жайынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда өлкө...

    КЕЛЕЧЕК – БИЗДЕН БАШТАЛАТ: ЖАШТАРДЫН УКУКТУК МАДАНИЯТЫ ЖАНА КООПСУЗ КООМ ҮЧҮН БИРИМДИГИ

    КЕЛЕЧЕК – БИЗДЕН БАШТАЛАТ: ЖАШТАРДЫН УКУКТУК МАДАНИЯТЫ ЖАНА КООПСУЗ КООМ ҮЧҮН БИРИМДИГИ

    29.04.2025

    2025-жылдын 29-апрелинде Ош технологиялык университетинде жаштар үчүн маанилүү иш-чара — укук бузууларды жана терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында "Жаңы муун...

    ОШТУДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

    ОШТУДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

    28.04.2025

    Ош технологиялык университетинде ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы...

    ОшТУнун сыймыгы: Турчиева Мадина 100% гранттын ээси болду

    ОшТУнун сыймыгы: Турчиева Мадина 100% гранттын ээси болду

    28.04.2025

    2025-жылдын 26-апрель күнү Ош технологиялык университетинде өткөн Ачык эшиктер күнүнүн алкагында уюштурулган эрудициялык таймашта №52 Кыргыз-Түрк достугу орто мектебинин окуучусу...

    ОшТУ студенттери Токтогул, Күрүпсай жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде

    ОшТУ студенттери Токтогул, Күрүпсай жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде

    28.04.2025

    2025-жылдын 24-25-апрель күндөрү Ош технологиялык университетинин энергетика багытынын студенттери жана окутуучулары Токтогул, Күрүпсай жана Таш-Көмүр ГЭСтерине иш сапар жасап кайтышты....

    БОЛОЧОК КУРУУЧУЛАР ПРАКТИКАДА

    БОЛОЧОК КУРУУЧУЛАР ПРАКТИКАДА

    26.04.2025

    ОшТУнун архитектура жана курулуш институтунун СТР-1-23 тайпасында билим алып жатышкан студенттер теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо максатында ОсОО “Бизнес Хаус...

    Ош технологилык университети

    Ошский технологический университет им.Академика М.М. Адышева

    Кыргызстан, г. Ош, ул. Исанова 81

    Телефон: (+996 3222) 4 3883
    E-mail: oshtu.adyshev@mail.ru

    Приемная комиссия:

    Раб.тел.:(0777) 00 76 45
    Моб.тел.:(0779) 32 15 41
    Моб.тел.:(0773) 15 83 15

    kg

    Жетекчилик

    • ОшТУнун ректору
    • Окуу иштери боюнча проректор
    • Cырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор
    • Илим жана инновация боюнча проректору
    • Мамлекеттик тил боюнча проректору
    • Бириккен профсоюз комитети

    Департамент

    • Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти

    Кеңештер

    • ОшТУнун окумуштуу кеңеши
    • ОшТУнун Камкорчулар кеңеши
    • ОшТУнун окуу-усулдук кеңеши

    Бөлүмдөр

    • Окуу бөлүмү
    • Кадрлар бөлүмү
    • Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү
    • ОшТУнун бухгалтериясы
    • Финансылык пландоо бөлүмү
    • Админстративдик чарба бөлүмү
    • Санариптик инновациялар бөлүмү
    • Маалымат технологиялары жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмү
    • Укуктук иштер бөлүмү
    • Жалпы бөлүм
    • Редакциялык-басма бөлүмү
    • Аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү
    • Эл аралык бөлүмү
    • ОшТУнун китепканасы

    Факультеттер

    • Инновациялык маалымат технологиялар институту (ИМТИ)
    • Экономика жана башкаруу институту (ЭжБИ)
    • Архитектура жана курулуш институту
    • Индустриалдык-педагогикалык институт (ИПИ)
    • Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
    • Энергетика жана транспорт институту

    Колледж

    • Академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледж

    Институт

    • ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту

    © 2022 ОшТУ - Ошский технологический университет

    • Абитуриентам
    • Магистрантам
    • Аспирантам
    • Выпускникам
    • Студентам
    • Преподавателям
    PHP Code Snippets Powered By : XYZScripts.com
    • Русский
    • English
    • Башкы бет
    • Университет
      • Жетекчилик
        • ОшТУнун ректору
        • Окуу иштери боюнча проректор
        • Илим жана инновация боюнча проректору
        • Cырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор
        • Мамлекеттик тил боюнча проректору
        • ОшТУнун усулдук кеңеши
        • Окумуштуулар кеңеши
        • Көзөмөл кеңеши
        • Дуйнолук тилдер кафедрасы
        • Ченемдик документтер
      • Департаменттер
        • Окуу бөлүмү
        • Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти
      • Бөлүмдөр
        • Кадрлар бөлүмү
        • МжББИТ бөлүмү
        • МТжККТ бөлүмү
        • Редакциялык-басма бөлүмү
        • Укуктук иштер бөлүмү
        • Жалпы бөлүм
        • Билим сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү
        • Илим бөлүмү
        • Эл аралык бөлүмү
        • Бириккен профсоюз комитети
      • Чарбалык-эсеп бөлүмү
        • Ош технологиялык университетинин бухгалтериясы
        • Финансылык-пландоо бөлүмү
        • Админстративдик-чарба бөлүмү
        • ОшТУнун студенттер үйү
    • Окумуштуулар кеңеши
    • Окуу бөлүмдөрү
      • Факультеттер
        • Экономика жана башкаруу институту (ЭжБИ)
        • Архитектура жана курулуш институту
        • Автоунаа жана тейлөө технологиясы факультети
        • Инновациялык маалымат технологиялар институту (ИМТИ)
        • Индустриалдык-педагогикалык институт (ИПИ)
        • Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
        • Энергетика жана транспорт институту
      • Колледж жана институттар
        • Гуманитардык-технологиялык колледж
        • ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту
        • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
        • Магистратура бөлүмү
    • Илим
      • Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү
      • Ош технологиялык университетинин Бизнес-Инкубатору
      • Илимий-техникалык журнал “Известия ОшТУ”
      • Технопарк
      • Илимий-изилдөө долбоорлору
      • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
      • Магистратура бөлүмү
    • Эл аралык бөлүмү
    No Result
    View All Result

    © 2022 ОшТУ