Мамытов Улукбек Жанышович – ОшТУнун окуу иштери боюнча 1 проректору
Туулган жылы: 13-январь 1973ж.
Билими, окумуштуулук даражасы жана наамы: жогорку, 1996-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.Тарых жана социалдык гуманитардык илимдеринин окутуучусу. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент. 20 дан ашык илимий макалалардын, 5 окуу методикалык колдонмолордун жана 2 монографиянын автору.
1995-1997- ж.ж. Ош шаарына караштуу № 5 Ч. Айтматов атындагы орто мектебинде тарых сабагынын мугалими.1997-1999ж.ж. Ош соода колледжинин окутуучусу, коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, 2000-жылдан азыркы убакытка чейин Ош технологиялык университетинде эмгектенип келет. 2000-2002-жылдары, Ош ТУнун Социялогиялык изилдөө борборунун башчысы. 2003-2005-жылдары, Ош технологиялык университетинин жаштар комитетинин төрагасы. 2005-2007-жылдары, ОшТУнун “Башкаруу жана эл аралык мамилелер” факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары. 2007-2009-жылдары, ОшТУнун “Тарбиялык иштер жана социалдык өнүктүрүү департаментинин” директору. 2009-2012-жылдары, ОшТУнун “Башкаруу жана эл аралык мамилелер” факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары. 2017-2020-жылдары, “Коомдук илимдер” кафедрасынын башчысы. 2020-жылдан 2022-жылдын 1-ноябрына чейин ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы. 2022-жылдын 1-ноябрынан Ош ТУнун окуу иштери боюнча 1 проректорлук кызматында эмгектенип келүүдө.
Сыйлыктары: 2001, 2003, 2004, 2006- жылдарында Университеттин “Ардак грамотасы” жана “Дипломдору”,2008-2009-жылында Ош шаардык мериясынын “Ардак грамотасы”, 2009-2010- жылында ОшТУнун “Жылдын мыкты ага окутуучусу ”, 2010-2011-жылында ОшТУнун “Жылдын мыкты илим изилдөөчүсү”, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” сыйлыктары менен сыйланган.
2021 – жылы Кыргыз Мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Эгемендик каарманы” төш белгиси жана диплому менен сыйланган. 2021 – жылы мугалимдер күнүнө карата Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.
моб. тел. 0220177373, umamutov@bk.ru