Кыскача тарыхы
2012-жылы аралыктан окутуу технологияларын жана AVN программалык маалыматтык системасын окуу процессине киргизүү жана жайылтуу максатында ОшТУда ректордун № 09-04/194 (03.09.2012) буйругунун негизинде “Аралыктан билим берүү жана билим сапаты ” – борбору түзүлгөн. Ушул жылы окуу процессин уюштурууну жана башкарууну автоматташтыруу максатында борбор тарабынан AVN маалыматтык системасы (МС) ишке киргизилип башталган.
Кийинчерээк ректордун №09-04/89 (23.04.2013) буйругуна ылайык борбордун аталышы “Маалыматташтыруу жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар (МжББИТ)” борбору болуп өзгөргөн.
Структуралык бөлүмдөрдү оптималдаштыруу максатында 2017-жылы ректордун №09-04/308 (20.11.2017) буйругуна ылайык МжББИТ борбору МжББИТ бөлүмү болуп кайра түзүлгөн.
Структуралык бөлүмдөрдү оптималдаштыруу максатында 2023-жылы ректордун №09-04/333 (01.11.2023) буйругуна ылайык МжББИТ бөлүмү санариптик инновациялар бөлүмү (СИБ) болуп кайра түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө СИ бөлүмүнүн курамына UNIVER+ МС иштеп чыгуу жана техникалык колдоо группасы, окутуучулар жана кызматкерлер үчүн компьютердик борбор. Ошондой эле бөлүм тарабынан факультеттердеги аралыктан билим берүү технологияларын окуу процессинде киргизүү, колдонуу иштери координацияланат жана көзөмөлдөнөт. СИ бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан окуу процессин санариптештирүү багытында UNIVER+ жаңы программалар комплекси иштелип чыгып, пайдаланууга берилди. Учурда окуу процессин санариптештирүүнү өркүндөтүү максатында UNIVER+ МС нын үстүндө жаңылоо, өнүкктүрүү иштери тынымсыз жүрүүдө.
СИ бөлүмүнүн негизги функциялары
- СИбөлүмү окуу процессинин катышуучулары болгон окутуучуларга жана студенттерге окуу-усулдук, маалыматтык технологиялар багытында (IT) техникалык консультациялык колдоону, жардамдарды көрсөтөт.
- СИ бөлүмү факультеттер менен биргеликте санариптик технологиялардын жардамында университеттин билим берүү программалары боюнча окутууну уюштурууда кызмат көрсөтөт жана жөнгө салат.
- СИ бөлүмү колдонмо даяр программалык продуктыларды ишке киргизет жана окуу процессин уюштурууда зарыл болгон жаңы башкарууну автоматташтыруу багытындагы компьютердик программаларды иштеп чыгып, пайдаланууга берет.
- СИ бөлүмү UNIVER+ маалыматтык системасын башкарат, серверлердин иштөөсүн жана коопсуздугун камсыздайт, IT технологиялардын окуу процессинде колдонууну көзөмөлдөйт.
- Окуу процессин дистанттык технологиялардын жардамында пландоодо жана жүргүзүүдө окутуучулардын иштерин текшерип, көзөмөлдөйт. Отчет түрүндөгү документтерди даярдайт, окуу процессинин жыйынтыктарын электрондук, архивдик ишенимдүү сакталышын камсыз кылат.
- СИ бөлүмү ОшТУнун Web-сайтын (oshtu.kg) билим берүү порталын программалык жактан түзөт, аны маалыматтар менен толтурууда техникалык чечимдерди кабыл алат, маалыматтардын коопсуздугун камсыздайт.
- ОшТУнун китепканасы менен биргеликте техникалык чечимдерди кабыл алуу менен электрондук китепкананы программалык жактан түзөт, электрондук китептердин жүктөлүүсүн көзөмөлдөйт, сервердик коопсуздукту камсыз кылат.
- СИ бөлүмү окуу процессин ишке ашырууда зарыл болгон электрондук түрдөгү илимий, усулдук материалдарды иштеп чыгууну жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. Аралыктан окутуудагы жаңы технологияларды изилдеп, пайдаланууну ишке ашырат.
Компьютердик борбор
Компьютердик борбор — бул окутуучулар жана кызматкерлер үчүн Интернет маалыматтарын бекер пайдаланууга багытталган 25 орундуу компьютердик зал.
СИ бөлүмүнүн инженер-программалоочу кызматкерлери тарабынан жаңы UNIVER+ программалар комплекси иштелип чыгып, пайдаланууга берилген. UNIVER+ маалыматтык программалар комплекси төмөндөгүдөй бир нече программалык түзүүчүлөрдөн турат: «Кабыл алуу комиссиясы», «Тестирлөө», «Кызматкерлердин кадрлар бөлүмү», «Студенттик кадрлар бөлүмү», «Деканат», «Кафедра», «Окутуучу», «Расписание» ж.б. Андан сырткары университетте санарип билим берүүнү калыптандыруу максатында көп функционалдуу «Билим берүү порталы», “Электрондук китепкана” түзүлгөн. Электрондук китепканага профессордук-окутуучулук курам тарабынан иштелип чыккан окуу-усулдук эмгектер, окуу китептери жана андан сырткары көптөгөн китептердин электрондук көчүрмөлөрү жүктөлгөн.
2022-2023 окуу жылына СИБтин иш планы
Санариптик инновациялар бөлүмүнүн курамы: (СИ бөлүмү)
Бокоев Кутман Амирбаевич – бөлүм башчы, к.т.н., доцент
Тел.: +996 779 556071;
E-mail: bokoevka@list.ru
Жиянбеков Айбек Жамалдинович – ага инженер-программист;
Тел.: +996 550 005 538,
E-mail: aybeck@mail.ru
Токтосунов Улукбек Абдилазизович — инженер-программист;
Тел.: +996 555 967 797,
E-mail: uluk03@inbox.ru
Алижанова Гулкайыр Алижановна – инженер-программист ОИиИТО ОшТУ
Тел.: +996 708 324 013
E-mai: alizhanovag.94@inbox.ru
Кудаяров Нурмухаммед – инженер-программист;
Тел.: +996773 557 509;
E-mail: Nur26kudayarov@gmail.com