Инновациялык маалымат технологиялар институту М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин структуралык бөлүмү болуп саналат.
Инновациялык маалымат технологиялар институтунун негизги максаты IT адистерин, заманбап коомдун субъекттери тарабынан талап кылынган жаңы компетенцияларды жана квалификацияларды калыптандыруучу заманбап, интеграцияланган, инновациялык билим берүү программаларын ишке ашыруу болуп саналат.
Институт, Кыргызстандын жогорку кесиптик билим берүү жана илим системасынын эң мыкты салттарын сактоо жана өркүндөтүү менен программалоо жана маалымат технологиялары жаатында бакалаврларды, магистрлерди жана PhD докторанттарды даярдоону көздөйт.
ИНСТИТУТТУН ТАРЫХЫ
Ош технологиялык университетинин Окумуштуулар кенешинин чечиминин негизинде 2000-жылы Кибернетика жана маалымат технологиялар факультети түзүлгөн. Факультеттин биринчи деканы техника илимдеринин кандидаты, профессор Сайдаматов Ш.М. дайындалган. Чейрек кылым ичинде факультет программалоо, маалымат технологиялар жаатында 15 минден ашуун адистерди даярдап чыгарды.
2024-жылдын 26-августунда Инновациялык маалымат технологиялар институту болуп өзгөртүп түзүлгөн.
ИНСТИТУТ БҮГҮН
Инстутиттун 5 билим берүү программасында 40ка жакын кызматкер, анын ичинде 2 илимдин доктору, профессор, 15 илимдин кандидаты, доцент, 8 магистрлери эмгектенишет. Бүгүнкү күндө институтта 935 студент, 62 магистрант жана 6 PhD докторант билим алууда. Билим сапатын жогорулатуу жана мыкты адистерди даярдоо максатында иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр, республикадагы жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен ишенимдүү өнөктөштүк байланыштары түзүлгөн жана бекемделүүдө.
ИНСТИТУТ ЖЕТЕКЧИЛИГИ
Институттун директору – экономика илимдеринин кандидаты, доцент
Арзыбаева Менди Абдисалимовна
моб. тел.: +996773462519; е-mail: mendiarzubaeva292@gmail.com
ORCID: https://orcid.org/0009-0005-5413-9619
SCOPUS ID: 57211179672
E-library -SPIN-код: 3671-6332, AuthorID: 1087805
Директордун окуу иштери боюнча орун басары – техника илимдеринин кандидаты , доцент Турдубаева Жылдыз Алимбековна
моб. тел.: +996551258787; e-mail: jyldyzt8787@gmail.com
ORCID: https://orcid.org/0000-0002-2096-8767Х
E-library -SPIN-код: 8938-4165, AuthorID: 1030623
Методист – Абдылда кызы Асел
моб. тел.: +996509333037; e-mail: aselsalieva811@gmail.com
Институттун Окумуштуулар кеңешинин курамы институттун профессордук-окутуучулук курамынан шайланган 15 мүчөдөн жана институттун студенттик сенатынын төрагасынан турат. ИМТИнин окумуштуулар кеңешинин төрайымы – Арзыбаева Менди Абдисалимовна, катчысы – Турдубаева Жылдыз Алимбековна.
Институттун усулдук комиссиясынын төрайымы – география илимдеринин кандидаты, доцент Артыкбаева Сонунбү Жыргалбековна
Профсоюз уюмунун төрайымы – Маликова Зирек Турдалиевна
БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ (БАКАЛАВРИАТ):
- 690300 Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш тармактары
Профили:
— Байланыш тармактары жана телекоммуникациялык системалар
— Мобилдик байланыш тармактары жана системалары
— Санариптик телекөрсөтүү жана үн берүү - 710100 Информатика жана эсептоо техникасы
Профили:
– Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо. - 590100– Маалымат коопсуздугу
Профилдери:
– “Укук коргоо органдарындагы маалыматтык технологиялардын коопсуздугу”;
– “Финансылык-экономикалык структурадагы маалымат коопсуздугу” - 710400 Программалык инженерия
Профили:
-Программалык камсыздоону иштеп чыгуу технологиясы - 710200 Маалымат системалары жана технологиялары
Профили:
– Экономикадагы маалымат системдери жана технологиялары - 700500 Мехатроника жана робототехника
Профили:
– Робототехника - 710300 Колдонмо информатика
Профили:
-Чон өлчөмдөгү маалыматтар аналитикасындагы колдонмо информатика
БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ (МАГИСТРАТУРА):
- 690300 Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш тармактары
- 520500 Картография жана геоинформатика
- 544319 Информатика жана эсептөө техникасы
- 710200 Маалымат системалары жана технологиялары
- 710400 Программалык инженерия
PhD ДОКТОРАНТУРА
520500 Картография жана геоинформатика
710200 Маалымат системалары жана технологиялары
ИНСТИТУТТУН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ
■ Информатика жана эсептөө техникасы программасы
■ Инфокоммуникация жана санариптик байланыш программасы
■ Маалыматтык системалар жана санариптик экономика программасы
■ Колдонмо информатика жана маалыматтарды талдоо программасы
■ Киберкоопсуздук жана программалык инженерия программасы
ИНСТИТУТТУН ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАРЫ
Инновациялык жана маалымат технологиялар институту бүгүнкү күндө республикабыздагы жана чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар жана илим-изилдөө мекемелери менен алака түзүп, илим-изилдөө, окуу-усулдук жана тажрыйба алмашуу жааттарда активдүү кызматташууда. Өнөктөштөр тууралуу кененирээк маалымат төмөнкү шилтемеде берилди: https://oshtu.kg/mezhdunarodnyj-otdel/#1652419270761-63035e51-70a9
