Танаков Нурланбек Токтогулович – Ош ТУнун илим жана инновация боюнча проректору
Билими: 1997-жылы Ош технологиялык университетинин «Субтропикалык өсүмдүктөрдүн жана азык заттардын технологиясы» адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Окумуштуу даражасы: Айыл чарба илимдеринин доктору. 06.01.09- өсүмдүк өстүрүүчүлүк, 2021- жыл.
Окумуштуу наамы: 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен “Технология” адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылды.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1997-1999-жылдары Ош технологиялык университетинин тамак-аш өндүрүшү кафедрасында лаборант, улук лаборант,
1999-2001-жылдары «Кыргызтамекиси» МАК Республикалык илимий-өндүрүштүк борборунда жетектөөчү адис,
2001-2003-жылдары Ош технологиялык университетинин субтропикалык өсүмдүктөрдүн технологиясы кафедрасында окутуучу
2003-2008-жылдары ОшТУнун технологиялык колледжинин директорунун орун басары.
2008 – 2016 – Ош технологиялык университетинин «Тамак-аш жана айыл чарба азыктарынын технологиясы» кафедрасы, 2-ст. окутуучу, доцент,
2016 – 2021 – Ош технологиялык университетинин «Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы» кафедрасынын , кафедра башчысы,
2021-2022-Ош технологиялык университетинин “Технология жана айлана-жаратылышты пайдалануу” факультетинин деканы.
27.09.2022-жылдан азыркы учурга чейин Ош технологиялык университетинин илим жана инновациялар боюнча проректору
Иш стажы: 24-жыл
Сыйлыктары: «Кыргызтамекиси» МАКнын ардак грамотасы, ОшТУнун ардак грамотасы, Ош областынын мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы, Ош шаарынын мериясынын ардак грамотасы.
Илимий-методикалык эмгектерим: 65тен ашык илимий макалам, 2 окуу китебим жана 6 окуу-усулдук көрсөтмөлөрүм жарык көргөн.
Илимий иши: 2021-жылы 06.01.09 – өсүмдүк өстүрүүчүлүк адистиги боюнча “Научные основы повышения продуктивности раннего картофеля в условиях юга Кыргызстана” деген темада докторлук диссертациясын жактаган
Тил билүү: кыргыз, орус, англис (сөздүк менен)
Байланыштар: e-mail : ntanakov@bk.ru Тел. (559) 582700, (702) 643150, WhatsApp (779) 582700
АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
Ош технологиялык университетинде окуу бөлүмүнүн практика жана карьера борборунун иш планынын негизинде технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун жеңил өнөр жайынын...