Пландоо финансылык бөлүмү (ПФБ) Университеттин экономикалык пландаштыруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Пландоо-финансылык бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Университеттин Уставын, Окумуштуулар кеңешинин чечимдерин, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, мамлекеттин башка нормативдик-укуктук документтерин жетекчиликке алат.
Пландоо-финансылык бөлүмү түздөн-түз ректордун көзөмөлү астында иштеген бөлүмдүн башчысы башкарат. Пландык-финансылык бөлүм расмий түзүмү жана кызматкерлеринин саны университеттин штаттык жадыбалга ылайык белгиленет. Кызмат адамдарынын милдеттери тийиштүү кызматтык нускамалар менен аныкталат жана бекитилет.
ПФБнүн негизги милдеттери жана функциялары:
университеттин финансы-чарба ишмердүүлүгүн экономикалык жактан пландоо, уюштуруу жана жөнгө салуу;
кийинки финансылык жылга университеттин консолидацияланган бюджетин түзүү жана университеттин ишинин бардык багыттары боюнча акча каражаттарынын өз убагында жана толук келип түшүшүн камсыз кылуу;
каржылоо булактарына тийешелүү кирешелердин жана чыгашалардын сметаларынын аткарылышын көзөмөлдөө жана талдоо;
университетти каржылоо боюнча статистикалык жана отчеттук маалыматтарды жалпылоо жана талдоо;
университеттин пландык-финансылык иш-аракеттери боюнча жетекчилик документтерин эсепке алуу жана тутумдаштыруу, аларды тиешелүү кызмат адамдары менен өз убагында уюштуруу;
штаттык-финансылык тартиптин сакталышын, тарифтик чендердин, эмгек акылардын, ошондой эле колдонуудагы эмгек мыйзамдарынын туура колдонулушун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
кызматкерлерди кабыл алуу, бошотуу жана которуу боюнча кадрлык буйруктарында бекитилген түзүмгө, кызматка, эмгек акысын төлөө боюнча кызмат акыларынын аныкталган өлчөмүн; университеттин кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндөгү жобого ылайык университетте колдонулуп жаткан милдеттүү жана кызыктыруучу төлөмдөрдү бөлүмдөрдүн аталышына ылайык келишин текшерүү жана коштоо;
университет тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү кызматтардын бардык түрлөрүнүн наркын аныктоо жана экономикалык негиздемесин эсептөө;
башкаруунун компетенциясына кирген маселелер боюнча финансылык жана статистикалык отчётторду, ар кандай экономикалык негиздемелерди, маалым каттарды, кат-кабарларды даярдоого катышуу жана тапшыруу;
Пландоо финансылык бөлүмдүн курамы:
ПФБдө 3 кызматкер эмгектенет
- ПФБнүн башчысы
- ПФБнүн улук экономистти
- ПФБнүн экономистти
Жусупов Бекарстан Жакыпович: пландоо финансылык бөлүмүнүн башчысы
Тел: 0505037997
Gmail: Zhbekarstan87@gmail.com
Сейдалиев Шерали Дүйнөбаевич: пландоо финансылык бөлүмүнүн улук экономисти
Тел: 0558786878
Gmail: Seydaliyev1978mail.ru
Ажибекова Элиза Араповна:пландоо финансылык бөлүмүнүн экономистти
Тел: 0777938585
Gmail: kumanaalibekova@gmail.com










