Экономика жана башкаруу институтунун максаты экономика, бизнес жана башкаруу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, Кыргызстандын жана региондун экономикасынын өнүгүшүнө реалдуу салым кошо тургандай натыйжалуу сапаттуу изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновацияларды кийирүү болуп саналат. Институт жигердүү турмуштук позицияны, илим-изилдөө көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү, Кыргызстандын билим берүү жана илим системасынын эң мыкты салттарын сактоо жана өркүндөтүү менен экономика жана башкаруу жаатында бакалаврларды жана магистрлерди даярдайт. Иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр, республиканын, чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен ишенимдүү өнөктөштүк байланыштары түзүлгөн жана бекемделүүдө.
Институттун тарыхы
Ош технологиялык университети экономика адистиктерин даярдоо үчүн абитуриенттерди кабыл алууну биринчи жолу 1991-жылы баштаган, 1992-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү алгачкы экономикалык факультет түптөлгөн. 30 жылдан ашык тарыхында факультет экономика, каржы, эсеп, бизнес, менеджмент, колдонмо информатика, логистика, социалдык иш жаатында 20 миңге жакын адистерди даярдап чыгарды. 2024-жылдын 26-августунан экономика жана башкаруу факультети экономика жана башкаруу институту болуп өзгөртүп түзүлдү.
Институт бүгүн
Инстутиттун 5 кафедрасында 60тан ашык кызматкер, анын ичинде 3 илимдин доктору, профессор, 18 илимдин кандидаты, доцент, 22 экономика жана башкаруу магистрлери эмгкетенет. Региондун жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ар кандай аспектилери боюнча илимий изилдөөлөр менен 12 докторант, 23 аспирант алектенүүдө. Бүгүнкү күндө институтта жалпы 2517 студент (364 – күндүзгү жана 2153 – сырттан окуу формасында) жана 152 магистрант билим алууда.
Билим берүү программалары (бакалавриат):
- 580100 Экономика, Бухгалтердик эсеп жана аудит, Статистика, Финансы жана кредит, Ишканалардын экономикасы жана башкаруу профилдери
- 580200 Менеджмент, Өндүрүштүк менеджмент профили
- 580500 Бизнес информатика, Электрондук бизнес, Финансы-банк секторундагы маалыматтык коопсуздук, Экономикадагы электрондук башкаруу профилдери
- 580600 Логистика, Ишкердик логистика, Финансы-банк логистикасы профилдери
- 580700 Бизнести башкаруу, Эл аралык бизнес, Долбоорлорду башкаруу профилдери
- 540200 Социалдык иш, Социалдык иш профили
- 530800 Э аралык мамилелери
- 710500 Интернет-технологиялар жана башкаруу, Эсептеги, анализдеги жана аудиттеги интернет-технологиялар профили
- 710300 Колдонмо информатика, Экономикадагы колдонмо информатика, Банк ишиндеги маалыматтык система профилдери.
Билим берүү программалары (магистратура):
- 580100 Экономика, Бухгалтердик эсеп жана аудит, Финансы жана кредит профилдери
- 580200 Менеджмент, Өндүрүштүк менеджмент профили
- 540200 Социалдык иш, Социалдык иш профили.
08.00.05 – Экономика и управление народным хозяйством, а также докторантура (PhD) по направлению 580100 Экономика Имеется аспирантура по направлению.
PhD Программасы
- 580100 Экономика багыты, Бухгалтердик эсеп жана аудит, Финансы жана кредит профилдери.
Аспирантура
- 00.05 – Экономика жана эл чарбасын башкаруу адистиги.
Кыска мөөнөттүк курстар:
- Бизнес-пландоонун негиздери; Финансылык эсеп, 1С Бухгалтерия, Электрондук финансылык отчеттуулук.
Институт жетекчилиги
Институттун директору – э.и.к., доцент Хамзаева Айнура Мураталиевна
моб.: 0773010190; е-mail: ainura.hamzaeva@mail.ru.
Директордун окуу иштери боюнча орун басары – э.и.к., доцент Маметова Гулназ Абдикеримовна,
моб.: 0553382383, 0773382383; e-mail: gulnaz-mametova@mail.ru.
Директордун окуу иштери боюнча орун басары – ага окутуучу, экономика магистри Мазирбаев Калыбай Кадыркулович,
моб.: 0779595116; e-mail: kalybai89@mail.ru.
Методист – Муктар кызы Айлира, моб.: 0779255848
Методист – Давлятова Алтынай Сулаймановна, моб.: 0777705406.
Институтун окумуштуулар кеңешинин курамы институттук профессордук-окутуучулук курамынан 21 мүчөдөн жана студенттик сенаттан турат. ЭЖБИнин окумуштуу кеңешинин төрайымы – доц. Хамзаева А.М., катчысы – доц. Маметова Г.А.
Институттун илимий-изилдөө комитетинин төрагасы – э.и.д., проф. Абдиев М.Ж.
Институттун усулдук комиссиясынын төрагасы – ага окутуучу Жолдошев Б.Р.
Кесиптик кошуундун төрагасы – ага окутуучу Атабаев С.К.
Практика башчысы – окутуучу Жусупов Б.Ж.
Экономика жана башкаруу институтунун кафедралары
Бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасы 580500 Бизнес информатика жана 710300 Экономикадагы колдонмо информатика багыты боюнча бакалаврларды даярдайт. Кафедра башчысы – э.и.д., проф. Ташбаев А.М.
Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы 540200 Социалдык иш багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди, 580700 Бизнести башкаруу, 530800 Эл аралык мамилелер багыттары боюнча бакалаврларды даярдайт. Кафедра башчысы – ф.и.д., проф. Кедейбаева Ж.А.
Экономика жана финансы кафедрасы 580100 Экономика багытынын Финансы жана кредит, Ишканалардын экономикасы жана башкаруу профилдери боюнча бакалаврларды жана магистрлерди, 580600 Логистика 710500 багытынын Финансы-банк ишмердүүлүгүнүн логистикасы профили боюнча бакалаврларды даярдайт. Кафедра башчысы – э.и.к., доцент Зикираев М.Т.
Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы 580100 Экономика багытынын Бухгалтердик эсеп жана аудит, Статистика профилдери боюнча бакалаврларды жана магистрлерди, 710500 Интернет-технологиялар жана башкаруу багытынын Эсептеги, анализдеги жана аудиттеги интернет технологиялар профили боюнча бакалаврларды даярдайт. Кафедра башчысынын м.а. – э.и.к., доцент Мамашов К.А.
Менеджмент, логистика жана туризм кафедрасы 580600 Логистика, 580200 Менеджмент багыты боюнча бакалаврларды даярдайт. Кафедра башчысынын м.а. – э.и.к., доцент Усанова Ж.У.