Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз комитети – студенттердин, профессордук окутуучулар жамаатынын, аспиранттардын, жумушчулардын курамынан турган коомдук уюмдардын бири. Бириккен профсоюз комитетинин негизги милдети –Университеттин окуу тарбиялык, маданий-массалык жана илимий-изилдөө иштеринин сапатын жогорулатууда, кызматкерлердин ден соолугун чыңдоодо, студенттердин жашоо шарттары үчүн түзүлгөн камкордукттарды эмгек кодексинин негизинде жүргүзүүнү көзөмөлдөп жана жакшыртуу болуп саналат.
ОшТУнун бириккен профсоюз комитети жаштар комитети, студенттик акыйкатчы, жатакананын студенттик сенаттарынын бир топ иш чараларына, маданий көңүл ачуусуна жана спорттук таймаштарга материалдык колдоо көрсөтөт. Эң негизгиси студенттер, окутуучулар жана башка кызматкерлерди социалдык жактан колдоо менен бирге, алардын укугун коргоп келет.
Бириккен профсоюз комитети өз ишин факультеттердеги, бөлүмдөрдөгү атайын шайланган бюро мүчөлөрү аркылуу жүргүзөт.
ОшТУда эмгектенген жумушчулар жана окуган студенттер бириккен профсоюз комитетине мүчө болуу укугуна ээ. Ал үчүн бириккен профсоюз комитетинин кабинетинен, же факультеттердеги профсоюз комитетинин мүчөлөрүнөн арыз үлгүсүн алып, аны толтуруу гана жетиштүү.
2023-жылдын 10-мартында Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагалыгына шайлоо болуп өттү. Шайлоого ОшТУнун баардык факультеттеринен жана бөлүмдөрүнүн жалпы 133 делегат катышты. Көпчүлүк добуш менен ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрайымы болуп Тиленбаева Багдагүл Эргешовна бекитилди.
ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин 2022-23 окуу жыл үчүн иш планы
Курамы:
Тиленбаева Багдагүл Эргешовна
Адистиги: «Математика жана информатика окутуучусу» 1993ж.
Ээлеген кызмат орду: ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрайымы
Туулган жылы: 24 январь 1971 жыл.
Сыйлыктары: ОшТУнун ардак громатасы, Мэриянын ардак громатасы, Обладминистрациянын ардак громатасы, Шаардык кенештин ардак громатасы, Аялдар конгрессинин ардак громатасы, Билим берүү жана илим министрлигинин громатасы, ОшТУнун “Эмгек синирген үчүн” медалы менен сыйланган.
Байланыш дареги: 0772272992 baqdaqul71_q@mail/ru
Маматова Минавар Халыковна – ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин бухгалтери, 0772382995
Калыкова Айгүл Абдиллатифовна – ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин иш алып баруучусу, 0220539894
ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин курамы:
- Тиленбаева Багдагүл Эргешовна — ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрайымы.
- Маматова Миновар Халыковна — профкомдун башкы эсепчиси
- Калыкова Айгул Абдиллатифовна — профкомдун иш алып баруучусу
- Тойгонбаева Фарида — административдик башкаруу бөлүмүнүн профбюросунун төрайымы
- Раимжанова Миргул – архитектура жана курулуш факультетини профбюросунун төрагасы
- Мурзакулова Гулниса —энергетика факультетинин профбюросунун төрагасы
- Жалалдинов Каныбек — автоунаа факультетинин профбюросунун төрагасы
- Маликова Зирек — кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин профбюросунун төрайымы
- Атабайев Султанмахмуд– экономика жана башкаруу факультетинин профбюро төрайымы
- Таштемирова Альбина – технологиялык колледжинин профбюросунун төрайымы
- Оморов Жумабек — Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин профбюросунун төрагасы
- Маралов Омурбек Салимович – табигый технологиялык факультетинин профбюросунун төрагасы
- Токтосунов Абдыгапар Манасович – административдик чарба бөлүмүнүн профбюросунун төрагасы.
Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз комитетин мүчөлөрүнүн сапаттык курамы:
- Тиленбаева Багдагүл Эргешовна – ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы.
- Таштемирова Альбина Абдыкалыковна – ОшТУнун Гуманитардык –технологиялык колледжнин профкомунун төрайымы;
- Тойгонбаева Фарида Садыковна – Административдик башкаруу бөлумунун профкомунун төрайымы;
- Ыдырысов Рамис Жумабекович – ОшТУнун социалдык иштер департаментинин директору;
- Абдыраева Нурипа Рахматиллаевна – КжМТФнин профкомунун төрайымы;
- Раимжанова Миргүл – Архитектура жана курулуш факультетинин профкомунун төрайымы;
- Саадалов Төлөнбай Ысманович – Гуманитардык –технологиялык колледждин директору;
- Оморов Жумабек Абдилмаматович – Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин профкомунун төрагасы;
- Токтосунов Абдугапар Манасович – Административдик чарба бөлүмүнүн профкомунун төрагасы;
- Тажибаев Жоомарт Калмаматович – Автоунаа тейлөө технологиясы факультетинин профкомунун төрагасы;
- Маралов Омүрбек – Табигый технологиялык факультетинин профкомунун төрагасы;
- Атабаев Султанмахмут Конурбаевич – Экономика жана башкаруу факультетинин профкомунун төрагасы;
- Маматкасымова Алима – ОшТУнун аялдар кенешинин төрайымы;
- Мурзакулова Гульниса Акимжановна – Энергетика факультетинин профкомунун төрайымы;
- Мамасали уулу Нурмухаммед – ОшТУнун жаштар комитетинин төрагасы:
- Обдунов Бегмат – Административдик чарба бөлүмүнүн сатып алуулар боюнча адиси
- Маматжан у Н – ИВТ-1-21 тайпасынын студенти
Президиумдун мүчөлөрү:
- Тиленбаева Багдагул Эргешовна – ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрайымы.
- Тойгонбаева Фарида Садыковна – Административдик башкаруу бөлүмүнүн профкомунун төрайымы;
- Маликова Зирек – КжМТФнин профкомунун төрайымы;
- Райымжанова Миргүл – Архитектура жана курулуш факультетинин окутуучусу;
- Оморов Жумабек Абдилмаматович – Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин профкомунун төрагасы;
- Токтосунов Абдугапар Манасович – Административдик чарба бөлүмүнүн профкомунун төрагасы;
- Жалалдинов Каныбек – Автоунаа тейлөө технологиясы факультетинин профкомунун төрагасы;
- Атабаев Султанмахмут Конурбаевич – Экономика жана башкаруу факультетинин профкомунун төрагасы;
- Мурзакулова Гульниса Акимжановна – Энергетика факультетинин профкомунун төрайымы;
- Таштемирова Альбина – Гуманитардык – технологиялык колледждин профкомунун төрайымы;
- Маралов Омүрбек – Табигый технологиялык факультетинин профкомунун төрагасы;
ОшТУнун профкомунун ревизиялык комиссиясынын курамы:
- Дубанакулов Мусабек Абдушарипович – текшерүү комиссиясынын төрагасы;
- Жолдошов Бакыт – текшерүү комиссиясынын мүчөсү
- Раимжанова Миргүл Омурзаковна- текшерүү комиссиясынын мүчөсү
ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин маданий иш чаралары:
2023-жылдын 21 март күнү “Нооруз” майрамында Ош технологиялык университети мэрия тарабынан уюштурулган сүмөлөк сынагына катышты, университетин жалпы кызматкерлерине сый-тамак уюштурулуп, сүмөлөк таркатылды.
ОшТУнун кызматкерлери эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн жөө жүрүштө
Ош шаарынын борбордук аянтында Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн жөө жүрүшкө ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев жана ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы Б.Э.Тиленбаева баштаган жалпы жамааты да катышты. Катышуучулар “Өчпөс от” мемориалдык комплексинен, шаардын борбордук аянты аркылуу С.Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драм театрына чейин жөө басып өтүштү.
ОшТУда энелер майрамы белгиленди
Энелердин күнүнө арналган майрамдык салтанат гуманитардык-технологиялык колледжинин аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду. Бул салтанатка бириккен профсоюз комитети да өзгөчө көнүл буруп, эмгеги сиңген жана көп балалуу энелерди эске алып баалуу белектер менен сыйланды.
ОшТУнун кесиптик бирлиги баштаган делегация жетим балдар үйүндө
25-май күнү Ош технологиялык университетинин кесиптик уюмунун төрайымы Б.Э.Тиленбаева жетектеген делегация курамы Мырза-Аке айылында жайгашкан М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын мектебиндеги “Акыркы конгуроо” салтанатына катышты. Тарбияланып жаткан балдардан кабар алып, 40 миң сом акчалай жардам көрсөтү менен университеттин белек-бекчектерин тапшырышты.
ОшТУнун спортчулары окуу жайлар арасындагы спорттук мелдеште
Билим жана илим кызматкерлеринин арасында спортту өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо жана республикалык спартакиадага катышуу үчүн облустун курама командасына тандоо максатында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош шаарындагы окуу жайлардын кызматкерлеринин жазгы спартакиадасы болуп өттү. Аталган спорттук иш-чара быйыл облустук деңгээлде билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук профсоюз комитети тарабынан уюштурулуп, ага 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер катышышты. Жалпы командалык эсепте ОшТУнун курама командасы 2-орунду камсыз кылды жана Ош облусттук профсоюз комитетинин 20000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгына ээ болушту. Ошону менен бирге ОшТУнун кесиптик бирлиги тарабынан аталган спорттун катышуучуларынын ар бирине бир күндүк түштөнү тамак ашы төлөнүп берилди.
ОшТУнун спортчулары Ыссык Көл “Ден соолук-2023” спартакиадасында
Ысык-Көлдө билим берүү кызматкерлери арасында “Ден соолук-2023” спартакиадасы өткөрүлдү. Аталган мелдешке ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы Б.Тиленбаева баштаган окутуучулар командасы катышып, ОшТУнун кесиптик бирлиги тарабынан 68 кызматкердин ар бирине 3000 мин сомдон барып келүү жол акысы төлөнүп берилди. Мында 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку кыз-келиндер жана эркектер арасында спорттун 20 түрү боюнча мелдеш болуп өттү.
ОшТУнун жалпы кызматкерлери үчүн уюштурулган жайкы эс алуулар
ОшТУнун жалпы кызматкерлерине жайкы бир күндүк эс алуусу үчүн, ОшТУнун кесиптик бирлигинин эсебинен 709 кызматкердин ар бирине 300 сомдон бөлүнүп берилди. ОшТУнун техкызматкерлери үчүн жыл сайын уюштурулуп керлген экскурциялар быйыл да уюштурулуп берилди. ОшТУнун № 1 окуу корпусунун техкызматкерлери Кара-Шорого ал эми № 3 окуу корпусунун техкызматкерлери Үч чатка жана № 2 окуу корпусунун техкызматкерлери Сары – Челекке ошондой эле ГТКнин техкызматкерлери Кара-Койго барып эс алып келишти.
ОшТУнун студенттери үчүн да экскурциялар
ОшТУнун студенттери үчүн да экскурциялар уюштурулуп Сары – Челекке 18 студенттин жол акысы ОшТУнун кесиптик бирлигинин эсебинен төлөнүп берилди.
ОшТУнун мугалимдери Ыссык Көлдө
ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы Б.Тиленбаева өзү баштаган ОшТУда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келген мугалимдерди Ыссык Көлгө “Сантара” эс алуу жайына 5 күндүк жайкы эс алууга 20 кызматкердин жол акысы тамак ашы жата каанасы бары кесиптик бирликтин эсебинен төлөнүп берилди.
ОшТУнун кызматкерлеринин үй бүлө мүчөлөрүн да унутта калтырбаган ОшТУнун кесиптик бирлиги Ош облустук профсоюз комитети тарабынан 7-14 жашка чейинки балдар үчүн берилген Чынгараев жана Жеткинчек балдар лагерине да 20дан ашун балдар барып эс алып келишти.
“Ден соолук – 2023” спартакиадасынын жеңүүчүлөрү
Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасынын окуу жайлар, мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү кызматкерлеринин арасында “Ден соолук – 2023” спартакиадасында 1чи орунду алган волейбол ойногон 8 эжекенин ар бирине (40жаштан жогорку) 3000 мин сомдон, ал эми 2чи орунду багындырган 40 жашка чейинки волейбол ойногон 8 эжекеге 2000 мин сомдон, ошону менен бирге стол тенисинен 3чү орунду элеген 2 спортчуга 1000 мин сомдон сый акча ОшТУнун кесиптик бирлигини эсебинен бөлүнүп берилди.
Санаторийлерге бөлүнгөн жолдомолдор
2023-жылдын январь айынын сентябрь айына чейин областтык профсоюз тарабынан бөлүнүп берилген жолдомолорду арыз жазып кайрылган кызматкерлерге кезеги менен жолдомолор бөлүнүп берилүүдө. Жыл башынан бизге Жалал –Абадка 6 жолдомо, ал эми Ысык Көлгө 7 жолдомо аны менен бирге Мамакеев санаториясына 8 жолдомо. Бөлүнүп берилген жолдомолорду бир нече кызматкерлерге жеткирүү максатында 20 күндүк жолдомону 10 күндөн эки мугалимге бөлүп берүүдөбүз.
Материалдык жардам көрсөтүүлөр
ОшТУнун кесиптик бирлигине факултеттердин профкомдорунун билдирүүсү менен же өз арыздары менен ден соолугуна же турмуш шартына байланыштуу материалдык жардам сурап кайрылган кызматкерлердин арыздары каралып чыгылып жыл башынан сентябрь айына чейин 30 дан ашуун кызматкерлерге ОшТУнун кесиптик бирлиги тарабынан 2500 сомдон 5000 мин сомго чейин материалдык жардамдар бөлүнүп берилди.